Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 12-декабрындагы № 20/1
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү, КараКулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчеттун жана жазма буйруктун көчүрмөсүн айылдык Кеңештин сессиясында кароо жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү, КараКулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчеттун жана жазма буйрук жөнүндө Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн финансы экономка бөлүмүнүн башчысынын милдеттени убактылуу акаруучусу В.Жаңыбаеванын берген маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү, КараКулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча белгиленген кемчилдиктери карап чыгып, тийиштүү кызматкерлерге кызматтык чара көрүү жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарына жана туруктуу комиссиянын жергиликтүү бюджетинин иштетилишин жана маданий иштерди алып барууну көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Т.Жусубалиевага тапшырылсын.
Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы | Г.Т.Эрматова |