Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 12-декабрындагы № 20/2
Кайың-Талаа айылынын Сай-Талаа участкасынын калктуу конушунун борбордук көчөлөрүн түнкү жарыктандыруу жөнүндө
Кайың-Талаа айылынын Сай-Талаа участкасынын калктуу конушунун борбордук көчөлөрүн түнкү жарыктандыруу боюнча жазылган долбооду карап, талкуулап жалпы элдик чогулушунун № 5 протоколун угуп Кызыл-Жар айылдык кеңеши токтом кылат
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Кайың-Талаа айылынын Сай-Талаа участкасынын калктуу конушунун 15-12-2022-жылдагы жалпы элдик чогулушунун № 5 протоколу бекитилсин.
2. Кайың-Талаа айылынын Сай-Талаа участкасынын калктуу конушунун борбордук көчө жарыктандырылсын.
3. Өздүк салым 443500 ( төрт жүз кырк үч миң) сом бөлүнүп берилсин.
4. Демилгелүү топ түзүлсүн.
5. Демилгелүү топ курулуштун баштан аяк жүрүшүн көзөмөлдөсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнун башчысы Абдилазиз уулу Бактыбекке милдеттендирилсин.
Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы | Г.Т.Эрматова |