Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 12-декабрындагы № 20/3
Кыргыз Республикасынын “Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарына ылайык Кызыл-Жар айыл аймагында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамынын 3-беренесинин 2 –бөлүгүнүн талаптарына ылайык МСКнын Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгынын 29.11.2022-жылдагы № 01-4/123 чыгуу санындагы каты боюнча Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Б башчысынын убактылуу милдеттин аткаруучусу В.Жаңыбаевнын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин социалдык –экономикалык өнугүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризим, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Т.Жусубалиеванын билдирүүлөрүнүн угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кызыл-Жар айыл аймагындагы мүлк салыгынын төмөндөгү түрлөрү бекитилсин:
а) Кыймылсыз мүлккө салык (турак жай эмес имаратка жана жайга мүлк салык) ,
б) Кыймылдуу мүлккө салык (юридикалык жактарын транспорттук каражаттарына жана жеке жактардын транспорттук каражаттарына мүлк салыгы),
в) жер салыгы (жанаша, кароо жай жана багбанчылык –огород жер участокторуна мүлк салыгы, айыл чарба жерлерине тиешелүү жерлерге мүлк салыгы, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерге мүлк салыгы).
2. Бекитилген мүлк салыктарынын өлчөмүн эсептеп чыгып айыл өкмөтүнүн 2023-жылга каралып жаткан бюджетинин киреше бөлүгүнө киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын убактылуу милдеттин аткаруучусу В.Жаңыбаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция реестрине катталсын.
4. Токтом 2023-жылдын 1-январынан күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарына жана туруктуу комиссиянын жергиликтүү бюджетинин иштетилишин жана маданий иштерди алып барууну көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Т.Жусубалиевага тапшырылсын.
Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы | Г.Т.Эрматова |