Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 12-декабрындагы № 20/4
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Терек айылына курулуп жаткан кичи футбол аянтчасына Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинен өздүк салым кошуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Терек айылына курулуп жаткан кичи футбол аянтчасына өздүк салым кошуу боюнча Терек айылынын айыл башчысы К.Ажибаевдин берген маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Терек айылына кичи футбол аянтчасына курууга Кызыл-Жар айыл өкмөтүнун жергиликтүү бюджеттинен 200 000 ( эки жүз миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жана ишке ашыруу жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилазиз уулу Бактыбекке жана ФЭБ бөлүмүнүн убактылуу милдеттин аткаруучусу В.Жаңыбаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарына жана туруктуу комиссиянын жергиликтүү бюджетинин иштетилишин жана маданий иштерди алып барууну көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Т.Жусубалиевага тапшырылсын.
Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы | Г.Т.Эрматова |