Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын
2024-жылдын 9-августу №37
“Жайыт жеринин багытын башка багытка которуу жөнүндө”
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн Чоң-Арык айылынын тургундарынын арыздарынын негизинде айыл өкмөт башчысы Б.Багымбаевдин сунушунун угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Vll сессиясы токтом кылат:.
1. Беш-Сарай участогундагы 2724 контурдагы 0,60 га жайыт жери, жалпы аянты 0,60 га жайыт жерлери өнөр жайынын, транспорттун, айланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлерине которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын айыл жана мал чарбачылык, ветеринария жана жер маселелери экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Т Бобушовго тапшырылсын.
4. Бул токтом https://ketmen-dobo.kg/веб- сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрайым | А.К. Жумалиева |