Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын
2024-жылдын 9-августу №38
“Чотоева Айгүл Коеновнага --Кетмен-Дөбө айыл аймагы –өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Билим берүү,саламаттыкты сактоо, жаштар,спорт, маданий жана социалдык маселелер,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 7-августундагы №5 протоколдук чечимин ,Т.Суранчиев атындагы оорукананын жалпы жамаатынын 2024-жылдын 02-августундагы №8 протоколун угуп жана талкуулап ,Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы токтом кылат:
1.Билим берүү,саламаттыкты сактоо, жаштар,спорт, маданий жана социалдык маселелер,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 7-августундагы №5 протоколдук чечими ,,Т.Суранчиев атындагы оорукананын жалпы жамаатынын 2024-жылдын 02-августундагы №8 протоколу колдоого алынсын.
2. Чотоева Айгүл Коеновнага – Райондук жана жергиликтүү кенешке депутат болгонун көп жылдык үзүрлүү эмгегин жана айыл аймагынын өсүп өнүгүүсүнө кошкон салымын,Баатыр эне, “Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери” тош белгисинин ээси,көп жылдан бери башкы врач кызматын өтөөдө жогорку көрсөткүчтөрү эске алынып, Кетмен-Дөбө айыл аймагы –өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
3. ”Ардактуу атуул” наамы жалпы жыйналышта,даталуу күндө салтанаттуу тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнун башчысы Б.Т.Багымбаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын билим берүү,саламаттыкты сактоо, жаштар,спорт, маданий жана социалдык маселелер,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Жолдошовго тапшырылсын.
6.Бул токтом https://ketmen-dobo.kg/веб- сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрайым | А.К. Жумалиева |