Сравнение редакций…
| Беловодск айылдык кеңешинин «19» январь 2024ж токтому менен бекитилген |
Беловодск айыл аймагында “Тиешелүү
аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу,
ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды
тартуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке
ашыруу тартиби жөнүндө
№ 1 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Беловодск айыл аймагында “Тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги ган маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
2 Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
3. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
4. “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
5. “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
6. Беловодск айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
3. “Тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген.
4. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
аймактын экономикалык өнүгүшү – аймактын экономикасынын, өндүрүштүк күчтөрдүн, билим берүүнүн, илимдин, маданияттын, калктын жашоо деңгээлинин жана сапатынын, адам капиталынын сапаттуу жана түзүмдүк оң өзгөрүүлөрү;
инвестициялар - бул пайда алуу жана башка пайдалуу натыйжага ээ болуу максатында экономикалык иш-аракеттин объектилерине салынган, инвестордун менчигинде турган же ал тарабынан тикелей же кыйыр түрдө көзөмөлдөнгөн активдердин бардык түрлөрүнүн төмөнкү түрдөгү материалдык жана материалдык эмес салуулары:
- акча каражаттары;
- кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк;
- мүлк укуктары (ипотека, мүлктү кармап турууга укук, күрөө жана башкалар);
- акциялар жана юридикалык жак катары катышуунун башка формалары;
- облигациялар жана башка карыз милдеттенмелери;
- мүлктүк эмес укуктар (анын ичинде ишкердик беделин, автордук укуктарды, патенттерди, товардык белгилерди, өнөр жай үлгүлөрүн, технологиялык процесстерди, фирмалык аталыштарды жана ноу-хауну кошо алганда интеллектуалдык менчикке укук);
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан берилген лицензияларга же башка формага негизделген иш-аракетти жүзөгө ашыруучу бардык укуктар;
- Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарын издөөгө, иштетүүгө, казып алууга же эксплуатациялоого концессияны кошо алганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына негизделген концессиялар;
- инвестициялоодон алынган жана Кыргыз Республикасынын аймагында реинвестицияланган пайдалар же кирешелер;
- инвестициялоонун Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка формалары;
инвестор - жеке, карыз же тартылган каражаттарды салууну ишке ашыруучу инвестициялык иш-аракеттин субъекти;
мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) - мамлекеттик өнөк тарабынан объекттерди долбоорлоого, каржылоого, курууга, калыбына келтирүүгө реконструкциялоого жеке өнөктү тартуу маселелери боюнча, ошондой эле кайра түзүлгөн, анын ичинде инфратүзүмдүк объекттерди башкаруу боюнча мамлекеттик жана жеке өнөктөрдүн узак мөөнөттүү (50 жылга чейин) өз ара аракеттенүүсү;
грант - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик уюмдарына донорлор тарабынан берилүүчү акысыз каржылык же техникалык жардам, ошондой эле республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге акысыз жана кайтарымсыз берилген акча каражаттары (трансферттер).
II. Беловодск айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттары жана милдеттири
5. Беловодск айыл аймагынын (мындан ары – Айыл аймагы) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
- Айыл аймагынын калкынын жашоо деңгээлин жана сапатын жогорулатууга.
6. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
- Айыл аймагынын атаандаштыкка жөндөмдүү жана инновациялык экономикасы үчүн шарт түзүү;
- билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу;
- калктын саламаттыгын жакшыртуу жана дени сак жашоо жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү;
- калктын маданий, чыгармачыл, рухий жана адеп-ахлактык дараметин ачуу жана эффективдүү жаштар саясаты;
- Айыл аймагынын инфратүзүмүн өнүктүрүү;
- калктын коопсуздугун камсыз кылуу;
- курчап турган чөйрөнү жакшыртуу.
III. Беловодск айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органынын функциялары
7. Беловодск айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалырынын долбоорлорун айылдык кеңеш тарабынан бекитүү үчүн иштеп чыгат;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программалырынын долбоорлорун иштеп чыгат;
- аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары боюнча чыгымдарды кошуу менен жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат;
- инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет;
- аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын көрсөткүчтөрүн жана баалоо критерийлерин иштеп чыгат жана бекитет;
- аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын алкагында муниципалдык мекемелер тарабынан көрсөтүлгөн миниципалдык кызматтардын (иштердин) сапатынын көрсөтүчтөрүн иштеп чыгат жана бекитет;
- аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын алкагында муниципалдык мекемелердин баа саясатын жана тарифтерин иштеп чыгат жана бекитет;
- турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбасын өнүктүрүү жана аймакты жакшыртуу иш-чараларын иштеп чыгат.
аткаруу жана колдоо функциялары
- аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын аткарууну камсыз кылат;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү ишке ашырат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу түзөт;
- инвестицияларды жана гранттарды тартуу боюнча долбоорлорду издөөнү, демилгелөөнү ишке ашырат;
- жыл сайын аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын аткарылышы жөнүндө эл алдында отчет берет;
- аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана инвестицияларды жана гранттарды тартуу программаларынын аткарылышын камсыз кылат, анын ичинде:
1-милдет боюнча. Айыл аймагынын атаандаштыкка жөндөмдүү жана инновациялык экономикасы үчүн шарт түзүү
- жагымдуу инвестициялык климат түзүүнү камсыз кылат;
- муниципалдык колдоо чаралары жөнүндө калкты максималдуу кабарландырууну камсыз кылат;
- жеке ишкердиктин социалдык жактан маанилүү түрлөрүн (социалдык, туристтик кызмат көрсөтүү, айыл чарбасы, курулуш, ТКЧ чөйрөсүндөгү ишмердик, тамак-аш, текстиль жана тигүү өндүрүшү ж.б. ) өнүктүрүүгө жардам берет;
- жеке ишкердикке жаштарды тартууну камсыз кылат;
- өнөр-жайдын өнүгүүсүнө жана инновациялык потенциалды ишке ашырууга көмөк көрсөтөт;
- чакан жана орто ишкердикке дем берүү жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча программаларды ишке ашырат;
- жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү жана калкты иш менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу боюнча программаларды ишке ашырат.
2-милдет боюнча. Билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу.
- билим берүүчү уюмдардын тармагын өнүктүрүү жана жарандарды билим алуу укугу менен камсыз кылуу;
- ведомстволук билим берүү уюмдарын чарбалык тейлөөнү жана каржылоону ишке ашыруу;
- ата-энелердин камкордугу жок калган жашы жете элек балдарды жана жетимдерди камкордукка алуу жана көзөмөлдөө, алардын укугун коргоо, балдар үйүнө, мектеп-интернеттарга, үй-бүлөлөргө тарбиялоо же багып алуу үчүн жайгаштыруу;
- айыл мектептеринде окугандарды – аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын окуу куралдары менен бекер камсыз кылуу;
- жаштарды кесиптик даярдоо маселелерин координациялоо;
- мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдарды системалык эсепке алууну ишке ашыруу;
- балдарды жалпы билим берүү уюмдарына жана аларды жашаган жерлерине жеткирүүнү уюштуруу;
- педагог кадрларды тартуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- балдарды эрте өнүктүрүүнү камсыз кылган, алардын жашоосуна, ден соолугуна, социалдык статусуна карабай, үй-бүлөнүн тарбиялык статусуна таянуу менен билим берүү кызматтарынын тутумун түзөт;
- майып балдар жана ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн сапаттуу билимдин жеткиликтүүлүгүн жана аларды социалдаштырууну камсыз кылган билим берүү чөйрөсүн түзөт;
- жөндөмдүү балдарды аныктоо, колдоо жана коштоп жүрүү тутумун түзөт.
3-милдет боюнча. Калктын саламаттыгын жакшыртуу жана дени сак жашоо жүргүзүү үчүн шарттарды түзүү
- Айыл аймагынын саламаттык сактоо тутумунун натыйжалуу иштешин жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
- саламаттык сактоо тутумунун кадрдык потенциалын оптималдаштыруу, анын ичинде медициналык кызматкерлер менен камсыздоону жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
- Айыл аймагындагы медициналык мекемелердин инфратүзүмүн жана материалдык-техникалык базасын сактоону жана өнүктүрүүнү камсыз кылат;
- калктын өз ден соолугун сактоого өбөлгө түзүү боюнча шарттарды түзөт;
- оорулардын алын алуу тутумун киргизет
4-милдет боюнча. Калктын маданий, чыгармачыл, рухий жана адеп-ахлактык дараметин ачуу жана натыйжалуу жаштар саясаты
- муниципалдык мекемелердин маданий кызматтарынын сапатын камсыз кылат, маданий баалуулуктарга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана жарандарды маданий иш-чараларга катышуу укугу менен камсыздоо;
- Айыл аймагынын тарыхый-маданий мурастарын жана маданий потенциалын, анын ичинде көп улуттуу маданий өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен сактайт жана өнүктүрөт;
- Айыл аймагындагы маданий мекемелердин инфратүзүмүн жана материалдык-техникалык базасын сактоону жана өнүктүрүүнү камсыз кылат;
- музыкалык, театралдык жана башка чыгармачылык жамааттардын чыгармачылыгына, анын ичинде салттуу элдик маданиятка дем берүү механизмдерин өнүктүрөт;
- көркөм билим берүүнү өнүктүрүү үчүн шарт түзүүнү камсыз кылат;
- маданият чөйрөсүнө маалыматтык жана инновациялык технологияларды киргизет;
- чыгармачыл бирикмелерди өнүктүрүүгө, маданият чөйрөсүндө социалдык багыттагы долбоорлорду колдоого дем берет;
- атуулдукка жана мекенчилдикке тарбиялоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат.
5-милдет боюнча. Айыл аймагынын инфратүзүмүн өнүктүрүү.
- муниципалдык авто унаа жолдорунун тармагын өнүктүрүүнү – жаңы авто унаа жолдорун курууну жана болгон жолдорду реконструкциялоону камсыз кылат;
- жүргүнчүлөрдү ташуунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну, анын ичинде жүргүнчүлөрдү ташуу паркынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууну камсыз кылат;
- башка айыл аймактары жана шаарлар менен транспорттук байланыштарды бекемдөөнү камсыз кылат;
- турак жай-коммуналдык комплексинин объектилерин курууну, реконструкциялоону жана модернизациялоону камсыз кылат;
- калктуу пункттарды газ менен жабдуу жана газдаштыруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- ресурс үнөмдөөчү технологияларды жана материалдарды жайылтуу боюнча иш-чараларды, жөнү жок чыгымдарды төмөндөтүүнү ишке ашырат;
- турак жай-коммуналдык жана энергетикалык комплекстер чөйрөсүнө инвестицияларды тартуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- жылуулук менен жабдуу, электр менен жабдуу, суу менен жабдуу жана суу буруу тутумдарынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- көрсөтүлүүчү турак жай-коммуналдык кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбасын өнүктүрүү жана аймакты жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат.
6-милдет боюнча. Калктын коопсуздугун камсыз кылуу
- өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучу жөнүндө калкы өз убагында кабарландырууну кошкондо, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана калкты коргоо тутумун жакшыртат;
- Айыл аймагындагы калкты коопсуз жашоосу үчүн шарттар менен камсыз кылат;
- өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында адамдар каза болгон учурларды төмөндөтүү боюнча иш-чараларды жана материалдык чыгымдарды азайтууну ишке ашырат;
- жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- коомдук тартипти сактоого жана коргоого жарандарды тартат;
- укук бузуунун жана баңгиликтин алдын алуунун жаңы формаларын киргизет.
7-милдет боюнча. Курчап турган чөйрөнү жакшыртуу
- курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча жаңы механизмдерди киргизүүгө көмөк көрсөтөт;
- экологиялык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- жаратылышты коргоо иш-чараларына коомчулукту жана бизнести тартуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- жаратылыш тутумун сактоо жана калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- курчап турган чөйрөгө техногендик таасир этүүнү төмөндөтүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча экологиялык инновациялык технологияларды жайылтуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- энергиянын кайра жаралуучу булактарын өндүрүү жана пайдалануу боюнча ишмердикке дем берүүнү жүзөгө ашырат.
контроль жана көзөмөл функциялары
- аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышын контролдоону ишке ашырат;
- аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын алкагында муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын ишин контролдоону ишке ашырат;
- аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларына бөлүнө турган каржы ресурстарынын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын контролдоону ишке ашырат;
- аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана инвестицияларды жана гранттарды тартуу программаларынын алкагындагы келишимдердин жана макулдашуулардын аткарылышын контролдоону ишке ашырат;
- аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын алкагында белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдоону ишке ашырат.
8. Беловодск айылдык кеңешинин фукнциялары
саясат жана жөнгө салуу функциялары
- айыл өкмөтү иштеп чыккан аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун бекитет;
- аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы боюнча чыгымдарды кошуу менен жергиликтүү бюджеттин долбоорун бекитет;
- айыл өкмөтү иштеп чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселелерди ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди бекитет.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Беловодск айыл өкмөтүнө жүктөлгөн жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча функциялардын аткарылышына контроль жүргүзөт.
IV. Беловодск айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органынын мамлекеттик органдар жана башка
уюмдар менен өз аракеттенүүсү
9. Беловодск айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат:
- Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык органдары;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары;
- укук коргоо органдары ж.б.
10. Беловодск айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
V. “Тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз
кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды
тартуу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну
каржылоо
11. Жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:
а) Беловодск айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген каражаттарынын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн кызматтардан жана иштерден түшкөн кирешелердин;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын.
VI. Беловодск айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органынын жоопкерчилиги
12. Беловодск айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, анын кызмат адамдары ушул Жободо каралган жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып жүрөт.
Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин
2025-жылдын 17-январындагы № 01-3/13
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ