Загрузка документа…
ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 6- апрели № 50/IX-29
Ивановка айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча Жобосун кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, 2022-жылдын 1-апрелиндеги “Ивановка айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча” Жобосун карап, талкуулап, Ивановка айылдык кеӊеши
токтом кылат:
1.Ивановка айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-апрелиндеги “Ивановка айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча”” Жобосу № 1тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы Мадиярова Мээрим Кадыркуловнага жүктөлсүн.
Төрага |
| Г. Т.Самсалиева |