Загрузка документа…
ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 29- апрели № 51/X-29
Медресеси бар мечит курууга станция Ивановкадан жер тилкесин берүү жөнүндө
Чүй облусунун мусулмандар казыятынын 2022-жылдын 18-апрелиндеги № 53 кайрылуусун карап, Жер, айыл чарба жана экология боюнча комиссиянын 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 15 отурумунун протоколунун, Ысык-Ата райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан «Станция Ивановка, Токтогула н/ж көчөсунө медресеси бар мечитке жер тилкесин түзүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө” курулуш комплексин (мечит, медресе, тигүү цехи, компьютердик класс) куруу үчүн берилген Пландын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 25-беренесин жетекчиликке алып, Ивановка айылдык кеӊеши
токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын жалпы талаптарын сактоо менен курулуш комплексин (мечит, медресе, тигүү цехи, компьютердик класс) куруу үчүн Чүй облусунун мусулмандар казыятынына Ивановка айыл өкмөтү тарабынан Токтогул, н/ж көчөсүндө жайгашкан 1940,00 м2 жер тилкесин бөлүп берүү сунушталсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Иваново айыл өкмөтүнүн башчысы Мээрим Кадыркуловна Мадияровага жүктөлсүн.
Төрага |
| Г. Т.Самсалиева |