Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын
2024-жылдын 9-августу №42
“Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 7 айына киреше бөлүгүнүн планынан ашыкча аткарылган каражатын бекитүү жөнүндө”
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 7 айына киреше бөлүгүнүн планынан ашыкча аткарылган каражатын бекитүү жөнүндө бюджет,экономика,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Көксариев Орозбек Борбиевичтин маалыматын угуп жана талкуулап Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Vll сессиясы токтом кылат:
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 7 айына киреше бөлүгүнүн планынан ашыкча аткарылган каражатын бекитүү жөнүндө бюджет,экономика,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Көксариев Орозбек Борбиевичтин маалыматы эске алынсын.
2. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2024-жылга эмгек акыдан үнөмдөлгөн712 ,0 миң сом акча каражатын төмөнкү статьяларга бөлүнсүн.
Бюджеттик эсеп: статья
Аппарат 2511 – 200,0 миң сом (Аз камсыз болгон уй-бүлөөлөргө таштанды таза-сууга)
2222 - 100,0 миң сом (балдар бакчасынын төшөк журкан алмаштырууга)
3112 – 200,0 миң сом (Өзубековдун арызынын негизинде)
2222 - 100,0 миң сом (Мазар-Суу айылынын ички жолдоруна суу өткөрүүгө 8 даана 1м. Шакекче трубадан, электр чубалгысына)
2221- 80,0 миң сом Мектептердин трансформаторлоруна жабдууларды алууга.
2222- 32,0 миң сом Мазар-Суу мектебине видеокозомол,насос алууга.
Жалпы 712,0 миң сом
3.Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн 01.08.2024-жылга пландан ашыкча аткарылган 5017,0 миң сом акча каражатын төмөнкү статьяларга бөлүнсүн.
Бюджеттик эсеп: статья
Аппарат 2221 - 500,0 миң сом (Беккари чункурун жасатууга )
2222 - 400,0 миң сом (балдар бакчасына кошумча группа ачууга)
2215 – 200,0 миң сом (Кырк-Казык айылына ичуучу таза суу менен камсыздоо)
2221 - 150,0 миң сом (Ак-Тектир айылына фитнес залын ачууга)
2222 - 300,0 миң сом (Кара-Кунгөй айылындагы бала бакчанын айлнасын тосу
2215 – 500,0 миң сом (Терек-Суу айылын сел өтчү жолдорун ачууга)
2221 – 200,0 миң сом (Кара-Кунгөй айылында көпүрө куруга)
2222 - 300,0 миң сом (Чон-Арык айылындагы спорт залды айлнасын тосу)
2222 – 200,0 миң сом (Мазар Суу айылында эстеликтин айланасын тосуу)
2222 – 267,0 миң сом (Мазар-Суу жол боюндагы стелланы жаныртуу)
2215- 2 000,0 миң сом (Долбоордук сметалык документтерине)
Жалпы 5017,0 миң сом
Атайын эсеп: статья
Аппарат 3111 - 1939,4 миң сом (Мазар-Суу айлы ФАПтын өздүк салымы)
2221 - 100,0 миң сом (Музейлердин учурдагы оңдоо иштерине)
2221 - 60,0 миң сом (Бөкөнбаев мектебинин материалдарын сатуудан)
2215 - 180,1 миң сом (Бөкөнбаев мектебинин материалдарын сатуудан)
Жалпы 2279,5 миң сом
4. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Багымбаевге жана финансы экономика башчысы Г. Карымшаковага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын бюджет,экономика,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Көксариев Орозбек Борбиевичке тапшырылсын.
6. Бул токтом https://ketmen-dobo.kg/веб- сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрайым | А.К. Жумалиева |