Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын
2024-жылдын 9-августу №43
“Жайыт жерлеринин бак дарактар өскөн жерлеринин категориясына которуу жөнүндө”
Терек – Суу айылынын Ашым көчөсүнүн №3 үйүнүн тургуну Чалов Кумарбек Иткараевичке Кетмен – Дөбө айыл өкмөтү тарабынан 13 -май 2011 – жылы №30 токтом менен айыл аймагына караштуу Жерге – Тал участкасындагы жайыт жерден берилген жердин категориясын которуу жөнүндө Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Багымбаевдин 2024-жылдын 06-августундагы №01-7-599 сунушунун карап жана талкуулап Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз Vll сессиясы токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023 – жылдын 21 январындагы №26 токтомунун 95-95 пункттарына ылайык Терек – Суу айылынын Ашым көчөсүнүн №3 үйүнүн тургуну Чалов Кумарбек Иткараевичке Кетмен – Дөбө айыл өкмөтү тарабынан 13 -май 2011 – жылы №30 токтом менен берилген 9 га жайыт жерин айыл чарба жерлеринин бак дарактар өскөн жерлеринин категориясына которуу жагына макулдук берилсин..
2.Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын айыл жана мал чарбачылык, ветеринария жана жер маселелери экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Т Бобушовго тапшырылсын.
4. Бул токтом https://ketmen-dobo.kg/веб- сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрайым | А.К. Жумалиева |