Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын
2024-жылдын 9-августу №44
“Жайыт жерлеринин багытын башка багытка которуу жөнүндө”
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Багымбаевдин “СЭС Токтогул “ жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан Токтогул суу сактагычынын үстүнө күндүн нурунан электроэнергия өндүрө турган 620 Меговаттык станция куруу боюнча 2024-жылдын 06-августундагы №01-7-599 сунушунун угуп жана талкуулап, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Vll сессиясы токтом кылат:.
1. Ууру – Сай участогундагы №3953 контурунан 2,50 га жайыт жер, №3955 контурунан 1,9 га жайыт жер, №3976 контурунан 1,0 га жайыт жер, №3966 контурунан 0,40 га жайыт жер, №3967 контурунан 0,30 га жайыт жер, №3969 контурунан 0,30 га жайыт жер, №3972 контурунан 0,30 га жайыт жер жана №3970 контурунан 1,2 га жайыт жер. Жалпы аянты 7,90 га мамлекеттик менчикте турган жайыт жерлери өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлерге которууга макулдук берилсин.
2. Ак-Сай участкасынан №7280 контурунан 0.65га жайыт жер, №7286 контурунан 0.08га жайыт жер, №7284 контурунан 0.06 га жайыт жер, №7295 контурунан 0.03 га жайыт жер, №7293 контурунан 0.06га жайыт жер, №7292 контурунан 0.02га жайыт жер. Жалпы 0.90га мамлекеттик менчикте турган жайыт жерлери өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлерге которууга макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын айыл жана мал чарбачылык, ветеринария жана жер маселелери экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Т Бобушовго тапшырылсын.
5.Бул токтом https://ketmen-dobo.kg/веб- сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрайым | А.К. Жумалиева |