Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын IX чакырылыштын 2024-жылдын 5-сессиясынын 2-кезектүү сессиясы
2024-жылдын 23-майы №3
Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак Муз айылынын көчүп конуунун мал багуунун бааларын бекитүү жөнүндөгү токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
Ак-Моюн айылдык кеңештин сессиясы жогорудагы маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айылынын 2024-жылдын 29-марттындагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин №2 токтомунун ички жайыттагы жана сарайдагы калган малдын саны эки ат, үч уйдан ашпасын деген чечимине үч уй, беш уй болуп өзгөртүлсүн.
2 .Ак-Муз айылындагы айыл чарба жерин коруу 2024-жылдын 1-майынан ,1- октябрына чейин жүргүзүлсүн. Ошондой эле 1-майдан-1-октябрга чейин айыл чарба жерин корууга бодо малдын башына 300 сомдон айып төлөнсүн жана ички жайыт сарайларда калган мал корукка түшсө 1000 сомдон айып төлөнсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Ак Муз айылынын башчысы Б .Алияскаровга жана Ак Муз Өнүгүү МИнын жетекчиси С.Жумамүдүновго тапшырылсын.
4. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Алакуновго тапшырылсын жана өзүмө калтырам.
.Төрага: | Ж. Алыбаев |