Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын
2024-жылдын 9-августу №45
“Жумабекова Галина Чилтенбековнага Кетмен-Дөбө айыл аймагынын “ Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Билим берүү,саламаттыкты сактоо, жаштар,спорт, маданий жана социалдык маселелер,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 7-августундагы №5 протоколдук чечимин ,№16 Данканай жалпы билим берүү мектебинин профсоюз уюмунун 2024-жылдын 6-августундагы №6 токтомун угуп жана талкуулап , Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Vll сессиясы токтом кылат:
1.Билим берүү,саламаттыкты сактоо, жаштар,спорт, маданий жана социалдык маселелер,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 7-августундагы №5 протоколдук чечими , №16 Данканай жалпы билим берүү мектебинин профсоюз уюмунун 2024-жылдын 6-августундагы №6 токтому колдоого алынсын.
2. Жумабекова Галина Чилтенбековнага –көп жылдар мектеп директору болуп эмгектенгенин, “Билим берүүнүн отличниги” төш белгисинин ээси болгонун,көп жылдык үзүрлүү иштерин эске алып, Кетмен-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
3. ”Ардактуу атуул” наамы жалпы жыйналышта,даталуу күндө салтанаттуу тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнун башчысы Б.Т.Багымбаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын билим берүү,саламаттыкты сактоо, жаштар,спорт, маданий жана социалдык маселелер,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Жолдошовго тапшырылсын.
6.Бул токтом https://ketmen-dobo.kg/веб- сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрайым | А.К. Жумалиева |