Загрузка документа…
ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 17- июну № 61/XIII-29
Ичүүчү сууну коммерциялык максатта пайдалануу үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө
Ивановка айыл өкмөтүнүн “Көрктөндүрүү комбинаты» муниципалдык ишканасынын директору Л.А.Кандаурованын жеке адамдардын ичүүчү сууну коммерциялык максатта пайдалангандыгы үчүн тарифтерди белгилөө зарылчылыгы жөнүндөмаалыматын угуп, Ивановка айылдык кеӊеши
токтом кылат:
1.Жеке адамдардын ичүүчү сууну коммерциялык максатта пайдалангандыгы үчүн айына 500 сом өлчөмүндө тарифтер белгиленсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ивановка айылдык кеңешинин бюджет жана экономика, муниципалдык менчик жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Г. Т.Самсалиева |