Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын
2024-жылдын 9-августу №48
“Касымбекова Анаркан--Кетмен-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Билим берүү,саламаттыкты сактоо, жаштар,спорт, маданий жана социалдык маселелер,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 7-августундагы №5 протоколдук чечимин ,Терек-Суу айылынын Калчоро көчөсүнүн жашоочуларынын 2024-жылдын 7-августундагы №1 токтомун угуп жана талкуулап ,Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги Vll сессиясы токтом кылат:
1.Билим берүү,саламаттыкты сактоо, жаштар,спорт, маданий жана социалдык маселелер,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 7-августундагы №5 протоколдук чечими , Терек-Суу айылынын Калчоро көчөсүнун жашоочуларынын 2024-жылдын 7-августундагы №1 токтому колдоого алынсын.
2. Касымбекова Анарканга – Жергиликтүү кенешке депутат болгонун , көп жылдык үзүрлүү эмгегин жана айыл аймагынын өсүп өнүгүүсүнө кошкон салымы эске алынып, Кетмен-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
3. ”Ардактуу атуул” наамы жалпы жыйналышта,даталуу күндө салтанаттуу тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнун башчысы Б.Т.Багымбаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын билим берүү,саламаттыкты сактоо, жаштар,спорт, маданий жана социалдык маселелер,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Жолдошовго тапшырылсын.
6.Бул токтом https://ketmen-dobo.kg/веб- сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрайым | А.К. Жумалиева |