Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-октябры № 623
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын Мазар-Булак айылынын аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын Мазар-Булак айылынын аймагында кайра иштетүү өнөр жай ишканасын жана соода-логистикалык борборду куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын Көк-Арт айылдык кеңешинин 2023-жылдын 27-ноябрындагы № 68 токтомун, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 30-ноябрындагы № 511/3 чечимин, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 28-июнундагы № 42-т токтомун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2024-жылдын 8-июлундагы № 166-б буйругун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын Мазар-Булак айылынын аймагында № 286 контурда жайгашкан Исмаилов Чолпонбай Адишевичтин жеке менчигиндеги 11,0 га кайрак айдоо жери кайра иштетүү өнөр жай ишканасын жана соода-логистикалык борборду куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу пайдаланууну;
- Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жана курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен жогоруда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- жер участогунун менчик ээсинин эсебинен аймактын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүгүүсүн уюштурууну;
- көрсөтүлгөн жерлерде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда "Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды сактоону;
- көрсөтүлгөн жерлер пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда жер участокторунун менчик ээлерине, жерди пайдалануучуларга карата аларды баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркын төлөөнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн:
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |