Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 23-сентябры № 579
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-апрелиндеги № 202 "Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоонун, аны адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-апрелиндеги № 202 "Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоонун, аны адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоонун, аны адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелеринде:
- 6-пунктта:
жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- транспорт каражаты тротуарларда, жөө жүрүүчүлөр, велосипед же веложөө жүрүүчүлөр үчүн жолдордо же газондордо (жол жээгиндеги бак-дарактарда) токтоп турганда, токтогондо (парковкалоодо);";
он үчүнчү абзацтагы "100" деген цифралар "30" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 9-пунктта "Протокол үч нускада толтурулат," деген сөздөр "Кароо протоколу үч нускада толтурулат," деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пунктта "жана транспорт каражатына болгон чектөөлөр (камак же издөө) алынып салынгандан, мурда салынган жана төлөнө элек айыптар жана үстөктөр," деген сөздөр ", транспорт каражатына болгон чектөөлөр (камак же издөө) алынып салынгандан, мурда салынган өндүрүлбөгөн айыптар жана аларга эсептелген туумдар (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-180, 182-200-беренелеринде каралган укук бузуулардан тышкары) боюнча сумма өндүрүлгөндөн, ошондой эле" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |