Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-октябры № 625
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 292 "Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 292 "Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогорудагы токтомдун преамбуласы "кылуу максатында," деген сөздөрдөн кийин "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6 жана 8-беренелерин, "Баа түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин," деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу эрежелери ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджетинин чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А.У. Жапаров |
|
|
Тиркеме |
"Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Жашоого маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмегине (мындан ары - Тизмек) киргизилген, Тизмекте көрсөтүлгөн аталыштары боюнча дары каражаттарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында медициналык колдонуу үчүн белгиленген тартипте уруксат берилген бардык дозаларга жана фасовкаларга бааларды жөнгө салуу тартибин белгилейт.
2. Эрежелердин колдонулушу төмөнкү дары каражаттарына жайылтылбайт:
1) Кыргыз Республикасында контролго алынуучу баңги заттар жана психотроптук дары каражаттары;
2) Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун Кошумча программасына жана Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына (мындан ары - ММК КП жана МКП) кирген дары каражаттарын кошпогондо, ата мекендик өндүрүүчүлөр тарабынан өндүрүлгөн;
3) ММК КП жана МКПга кирген дары каражаттарды кошпогондо, рецепти жок берилүүчү;
4) ММК КП жана МКПга кирген дары каражаттарды кошпогондо, жеткирүү баасы 100 (жүз) сомго чейинки дары каражаттар;
5) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасы тарабынан алып келинген дары каражаттар.
3. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) дары каражаттарына баалардын электрондук каталогу (мындан ары - баалардын каталогу) - дары каражаттарына катталган базалык, чектелген дүң жана чектелген чекене баалар жөнүндө маалыматтын булагы болуп саналган электрондук маалыматтар базасы;
2) базалык баа - чектелген дүң жана чектелген чекене бааларды эсептөө үчүн негиз катары кабыл алынган дары каражатынын улуттук валютадагы баасы;
3) арыз ээси - юридикалык жак же дары каражатынын баасын каттоо үчүн арызды, документтерди жана материалдарды берүүгө укуктуу анын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп саналган дары каражатын мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоо күбөлүгүнүн (мындан ары - каттоо күбөлүгү) кармоочусу;
4) медианалык баа - өсүшү боюнча референттик бааларды ранжирлөө жолу менен эсептелген баалар, алардын орточо баасы медианалык баа болуп таанылат;
5) мониторинг - ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу дары каражаттарына бааларды байкоо, жыйноо, белгилөө, талдоо жүргүзүү процесси;
6) чектелген дүң баа - дары каражатынын базалык баасына акчалай туюнтуудагы дүң бааны кошуу жолу менен аныкталган дары каражатына катталган максималдуу жол берилген дүң баа;
7) чектелген чекене баа - дары каражатынын чектелген дүң баасына акчалай туюнтуудагы чекене үстөк бааны кошуу жолу менен аныкталган дары каражатына катталган максималдуу жол берилген чекене баа;
8) референттик өлкөлөр - базалык бааларды каттоо жол-жобосун жүргүзүүдө дары каражаттарына бааларды салыштыруу үчүн кабыл алынган ушул Эрежелердин 4-тиркемесинде көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн тизмеги;
9) дары каражатынын соода аталышы - дары каражаты катталган аталышы;
10) ыйгарым укуктуу орган - саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын дары каражаттарынын жана медициналык буюмдарды жүгүртүүнү жөнгө салуучу ведомстволук бөлүмү;
11) Кыргыз Республикасына дары каражаттарын жеткирүү баасы (мындан ары - жеткирүү баасы) - базалык бааны каттоо жол-жобосун жүргүзүү үчүн колдонулуучу эсеп-фактураларда же товардык коштомо кагаздарда көрсөтүлгөн дары каражатынын баасы;
12) "Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын электрондук маалымат базасы" маалыматтык системасы (мындан ары - ЭМБ МС) - дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын кыймылын эсепке алууну камсыз кылуучу маалыматтык система;
13) жеткирүүнүн орточо өлчөнгөн баасы - ташып келүүнүн көлөмүн эсепке алуу менен белгилүү бир мезгилге орточо жеткирүү баасы.
4. Бааны жөнгө салуу дары каражатынын соода аталышына ылайык жүргүзүлөт.
5. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан катталган дары каражаттарына чектелген дүң жана чектелген чекене баалар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана фармацевттик иштин бардык субъекттери үчүн милдеттүү болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүдөгү дары каражаттарына чектелген дүң жана чекене баалар каттоо күбөлүгүнүн мөөнөтү аяктагандан кийин дары каражаттарынын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин күчүндө болот.
6. Ушул Эрежелердин 33-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөндөн кийин дары каражаттарын катталган чектелген дүң жана чектелген чекене баалардан жогору баада сатууга тыюу салынат.
Баасы жөнгө салынуучу дары каражаттарын ушул Эрежелерде белгиленген тартипте баасын каттабастан сатууга тыюу салынат.
7. Ээлеген кызмат ордуна, абалына же милдеттерин аткарууга байланыштуу дары каражаттарына бааларды каттоо жол-жобосуна тиешелүү купуя маалыматка жана/же коммерциялык сырга жеткиликтүүлүгү бар адамдар купуя маалыматты жана/же коммерциялык сырды сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттүү.
8. Дары каражаттарын дүң же чекене сатууну жүзөгө ашырган фармацевттик уюмдар катталган чектелген дүң жана чектелген чекене бааларды сактоого милдеттүү.
Ушул Эрежелердин талаптарын аткарбаган учурда дары каражаттарын дүң же чекене сатууну жүзөгө ашыруучу фармацевттик уюмдар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
9. Ыйгарым укуктуу органдын бааларды мамлекеттик каттоодон баш тартуусу арыз ээси тарабынан административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.
2-глава. Дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу
10. Дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу өзүнө төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) бааларды каттоо жөнүндө арызды кабыл алуу;
2) базалык бааны эсептөө;
3) чектелген дүң жана чектелген чекене бааны эсептөө;
4) базалык, чектелген дүң жана чектелген чекене бааларды каттоо;
5) катталган базалык, чектелген дүң жана чектелген чекене бааларды баалардын каталогуна киргизүү;
6) дары каражаттарына катталган бааларга өзгөртүүлөрдү киргизүү.
3-глава. Бааларды каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу
11. Кыргыз Республикасынын аймагында дары каражаттарына бааларды каттоо үчүн арыз ээси ыйгарым укуктуу органга ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык арыз берет.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- дары каражаттарына бааларды каттоо боюнча арыз ээсинин ыйгарым укуктарын ырастоочу ишеним каттын көчүрмөсү;
- ушул Эрежелердин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча орточо өлчөнгөн бааны эсепке алуу менен дары каражатына акыркы 12 айдагы жеткирүүлөрдүн баалары жөнүндө маалымат. Орточо өлчөнгөн бааны эсептөө ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык тартипке жараша жүргүзүлөт;
- акыркы 12 айдагы конкреттүү дары каражаты боюнча бардык эсеп-фактуралардын же товардык коштомо кагаздардын көчүрмөлөрү.
Мында бааны каттоо үчүн чет өлкөлүк валютаны Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына кайра эсептөө арыз ээлери тарабынан коммерциялык банктын курсуна 2% түзөтүү коэффициентин колдонуу менен бааны каттоого арыз берилген күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын учурда колдонулуп жаткан курсу боюнча жүргүзүлөт;
- ушул Эрежелердин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча медианалык бааны эсептөө менен, маалымат булагын көрсөтүү аркылуу референттик өлкөлөрдө дары каражаттарына катталган баалар жөнүндө маалыматтар (референттик өлкөлөрдөгү дары каражаттарынын катталган бааларынын расмий сайттарына шилтеме берилет).
Эгерде дары каражаты референттик өлкөлөрдө башка соода аталышы менен сатылса, арыз ээси референттик өлкөлөрдө дары каражатынын катталган баалары жөнүндө формада тиешелүү соода аталышын жана өндүрүүчүнүн дары каражатына катталган бааларын көрсөтөт.
Референттик өлкөлөрдө көрсөтүлгөн бааларды улуттук валютага конвертациялоодо арыз берилген күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет өлкөлүк валюталарынын расмий курстары пайдаланылат.
Ата мекендик өндүрүүчүлөр тарабынан өндүрүлгөн дары каражаттарына бааларды каттоого арыз берүүдө дары каражаттарына бааларды каттоо боюнча арыз ээсинин ыйгарым укуктарын ырастоочу ишеним каттын көчүрмөсү жана дары каражаттарынын сатуу баасы жөнүндө маалыматтар берилет.
12. Референттик өлкөлөрдө дары каражаттарына катталган баа жөнүндө маалымат жок болгон учурда арыз ээси бул фактыны ырастаган маалыматты берүүгө милдеттүү (дары каражатын өндүрүүчүнүн расмий каты жана/же референттик өлкөлөрдө дары каражаттарына катталган баалардын расмий сайттарына шилтеме).
Бааларды талдоо дары каражатынын дозасы, фасовкасы, дарылык формасы, экинчи жолу (керектөөчүлүк) таңгагы боюнча тиешелүү дары каражаттарынын ортосунда жүргүзүлөт.
13. Ыйгарым укуктуу орган арызды электрондук түрдө ЭМБ МС аркылуу же кагаз жүзүндө кабыл алат. Арыз электрондук түрдө берилгенде арыз ээси ушул Эрежелердин 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди арызга тиркейт. Арыз ээси электрондук арыздын жана документтердин берилгендигин электрондук кол тамга менен ырастайт.
14. Ыйгарым укуктуу орган арызды кабыл алган күнү каттайт.
4-глава. Дары каражатына бааларды каттоо
15. Дары каражатына бааларды каттоо үчүн ыйгарым укуктуу орган арыз ээси тарабынан берилген орточо өлчөнгөн бааны эсептөө үчүн колдонулган маалыматтарды текшерет.
16. Орточо өлчөнгөн бааны эсептөөдө ката табылган учурда ыйгарым укуктуу орган текшерүүнүн натыйжасында алынган эсептөөлөрдү жетекчиликке алат, бул жөнүндө эсептөөлөрдү текшерүү аяктаган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде арыз ээсине жазуу жүзүндө кабарлайт.
17. Берилген эсептөөлөрдү текшерүү жол-жобосу аяктагандан кийин орточо өлчөнгөн жеткирүү баасы алынган медианалык баа менен салыштырылат. Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган товарларды чыгарууга байланыштуу бажы алымдары (жыйымдары) төлөөгө чыгымдар алынган маанилердин эң азына кошулат. Алынган сумма баалардын каталогунда катталат жана базапык баа болуп таанылат жана андан кийин чектелген дүң жана чектелген чекене бааларды аныктоо үчүн колдонулат.
Ата мекендик өндүрүүчүлөр өндүргөн дары каражаттарынын базалык баасы болуп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган дары каражатынын сатуу баасынын жана салыктардын суммасы саналат.
18. Дары каражатын жеткирүүнүн орточо өлчөнгөн баасынын жана товарларды чыгарууга байланыштуу бажы алымдарын (жыйымдары) төлөөгө кеткен чыгымдардын, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган салыктардын суммасы төмөнкү учурларда катталууга тийиш:
- референттик өлкөлөрдө дары каражатына катталган баалар жөнүндө маалымат жок болгондо жана бул факт ыйгарым укуктуу орган тарабынан ырасталганда;
- эгерде аталган терапевттик топтогу активдүү фармацевттик ингредиент боюнча катталган жалгыз дары каражаты болуп саналса.
19. Бааларды каттоо жол-жобосун жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу орган анализделүүчү материалдарга жетүү мүмкүнчүлүгү бар арыз ээлеринен маалыматты суроого укуктуу. Арыз ээси суралган маалыматты он жумуш күндүн ичинде берүүгө милдеттүү.
20. Дары каражатына бааны каттоо, анын ичинде кошумча тактоочу маалыматтарды суроо ыйгарым укуктуу органга арыз келип түшкөн күндөн тартып 30 (отуз) жумуш күнгө чейинки мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
21. Дары каражатына катталган баалар катталган датадан тартып бир жыл ичинде күчүндө болот жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан кийинки жылга автоматтык түрдө узартылат.
22. Базалык, чектелген дүң жана чектелген чекене баалар сомго чейин тегеректелет.
5-глава. Дары каражаттарына чектелген дүң жана чектелген чекене бааларды аныктоо
23. Дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу максатында ыйгарым укуктуу орган ушул Эрежелердин 5-тиркемесине ылайык дүң жана чекене үстөк баанын регрессивдүү шкаласын колдонуу менен чектелген дүң жана чектелген чекене бааларды белгилейт.
24. Чектелген дүң баа дары каражатына катталган баасына акчалай түрдө тиешелүү дүң үстөк бааны кошуу жолу менен белгиленет.
25. Чектелген чекене баа дары каражатына чектелген дүң баага акчалай түрдө тиешелүү чекене үстөк бааны кошуу жолу менен белгиленет.
26. Стационардык таңгактагы бактерияга каршы дары каражаттарына чектелген дүң баа бардык экинчи жолку таңгак үчүн ушул Эрежелердин 5-тиркемесине ылайык регрессивдүү шкала боюнча эсептелет. Бир флакон/ампула/блистер үчүн чектелген чекене баа регрессивдүү шкала боюнча эсептелет, мында алынган чектелген дүң баасы экинчи жолку таңгактагы флакондордун/ампулалардын/блистерлердин санына бөлүнөт.
27. Дары каражаттарын дүң сатууда дары каражаттарына баалар катталган чектелген дүң баалардан ашпоого тийиш.
28. Дары каражаттарын чекене сатууда дары каражаттарына баалар катталган чекене баалардан ашпоого тийиш.
6-глава. Бекитилген бааларды баалардын каталогуна киргизүү
29. Дары каражаттарына катталган базалык баа, катталган чектелген дүң жана чектелген чекене баалар баалардын каталогуна ыйгарым укуктуу органдын бааны каттоо жөнүндө чечими кабыл алынган күнү киргизилет. Көрсөтүлгөн дата болуп дары каражатына бааны каттоо датасы эсептелет.
30. Баалардын каталогу дары каражаттарына базалык баа, чектелген дүң жана чектелген чекене баалар жөнүндө маалыматтын расмий булагы болуп саналат.
31. Баалардын каталогу ыйгарым укуктуу орган тарабынан электрондук форматта жүргүзүлөт, ыйгарым укуктуу органдын сайтында коомдук ачык жеткиликтүүлүктө жайгаштырылат жана онлайн режимде үзгүлтүксүз жаңыртылып турат.
32. Баалардын каталогуна баалар ыйгарым укуктуу орган тарабынан киргизилет.
33. Баалардын каталогу төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
1) эл аралык патенттелбеген аталышы;
2) соода аталышы;
3) экинчи жолу (керектөөчүлүк) таңгактагы дарынын түрү, дозасы жана саны (эгер бар болсо);
4) өндүрүүчүнүн аталышы жана өндүрүүчү өлкө;
5) мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоо күбөлүгүн кармоочунун аталышы (эгер бар болсо);
6) базалык баа;
7) чектелген дүң баалар;
8) чектелген чекене баалар;
9) бааларды каталогго киргизүү датасы;
10) чектелген дүң жана чектелген чекене баалар күчүнө кирген дата.
34. Дары каражаттарын дүң сатуу менен алектенген фармацевттик уюмдар дары каражаттарына бааларды алар катталган датадан тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде, ал эми дары каражаттарын чекене сатуу менен алектенген уюмдар 45 (кырк беш) календардык күндүн ичинде баалардын каталогуна киргизилген баага ылайык келтирүүгө милдеттүү.
35. Дарыкана уюмунда (дарыкана, дарыкана пункту, дарыкана күркөсү), соода залын тааныштыруу үчүн ыңгайлуу жерлерде дары каражаттарына катталган чектелген чекене баалар жөнүндө маалымат жайгаштырылууга тийиш.
7-глава. Бааны өзгөртүү тартиби
36. Дары каражатына катталган бааларды өзгөртүүгө баа катталган датадан тартып 90 (токсон) календардык күндөн эрте эмес убакытта жол берилет.
37. Бааны өзгөртүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын рыногу үчүн дары каражаттарына жеткирүү баасын өзгөртүү жөнүндө арыз ээси расмий кайрылган учурда жана (же) референттик өлкөлөрдүн биринде баалар өзгөргөндө жүргүзүлөт.
38. Дары каражатынын катталган баасын өзгөртүү үчүн арыз ээси ыйгарым укуктуу органга баанын өзгөрүшүн негиздеген коштомо катты, ошондой эле ушул Эрежелердин 3-главасына ылайык жүргүзүлгөн эсептөөлөр менен документтердин топтомун берет.
39. Дары каражатынын баасын кайра кароо ушул Эрежелердин 4-6-главаларына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.
40. Улуттук валютанын курсу тиешелүү чет өлкөлүк валютага карата 5 (беш) пайыздан ашык өзгөргөн учурда, алмашуу курсу 7 (жети) календардык күн бою өзгөрүүсүз калган шартта, ыйгарым укуктуу орган баалардын каталогунда катталган бааларга валюталык түзөтүү жүргүзөт.
41. Улуттук валютанын курсу чет өлкө валютасына карата курсу баа катталган датадан тартып 5 (беш) пайыздан ашык өзгөрсө, арыз ээси ыйгарым укуктуу органга өзгөртүү киргизүү үчүн тиешелүү кат берет. Дары каражатына бааны кайра карап чыгуу, анын ичинде кошумча тактоочу маалыматтарды суроо, бааны өзгөртүү жөнүндө арыз келип түшкөн датадан тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
8-глава. Мониторинг жүргүзүү
42. Мониторинг дары каражаттарына бааларды жөнгө салуунун натыйжалуулугун талдоо жана баалоо максатында монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу аткаруу органы менен бирге жүргүзүлөт.
43. Мониторинг үзгүлтүксүз негизде төмөнкүдөй жол менен жүргүзүлөт:
- ачык булактардан маалыматтарды чогултуу (интернет, жалпыга маалымдоо каражаттары, расмий сайттар, прайстар);
- фармацевттик иштин субъекттеринен дары каражаттарына дүң, чекене бааларды суроо;
- дары каражаттарды сатуу пункттарында түздөн-түз сурамжылоо жүргүзүү.
44. Мониторингдин натыйжалары Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин текшерүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык текшерүүгө тийиш болгон фармацевттик иштин субъекттеринин тизмесин түзүүдө тобокелдик факторлорун аныктоо үчүн негиздердин бири болуп кызмат кылат.
9-глава. Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал мезгилинде дары каражаттарына бааларды каттоо
45. Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө абал жана/же өзгөчө кырдаалдар мезгилинде дүң жана чекене сатуу үчүн дары каражаттарына чектелген бааларды белгилөөнүн өзгөчө тартиби ишке ашырылат.
46. Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө абал жана/же өзгөчө кырдаалдар мезгилинде чектелген дүң жана чекене бааларын аныктоого тийиш болгон дары каражаттарынын тизмеси саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
47. Ыйгарым укуктуу орган дары каражатына бааларды эсептөөлөрдү өз алдынча жүргүзөт жана каттайт.
48. Чектелген баалар акыркы ташып келинген баага товар коштоочу документтерине (эсеп-фактураларга же товардык коштомо кагаздардына) ылайык товарларды чыгарууга байланыштуу бажы алымдарын (жыйымдары) төлөөгө кеткен чыгымдарды, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган салыктарды кошуу жолу менен белгиленет. Алынган сумма базалык баа катары таанылат, ага чектелген дүң жана чектелген чекене бааларды эсептөө үчүн ушул Эрежелердин 5-тиркемесине ылайык регрессивдүү шкала боюнча дүң жана чекене үстөк баа кошулат.
|
| Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу эрежелерине 1-тиркеме |
Форма
Бааны каттоо/дары каражатына катталган баага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө АРЫЗ
______________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу органдын аталышы)
______________________________________________________________________________________
Арыз ээси | |
Арыз ээсинин аты-жөнү жана/же уюмдун аталышы |
|
Юридикалык дареги |
|
Иш жүзүндөгү дареги |
|
Телефону |
|
Факсы |
|
Электрондук дареги |
|
Дары каражатын өндүрүүчү | |
Өндүрүүчүнүн юридикалык дареги |
|
Өндүрүүчүнүн иш жүзүндөгү дареги |
|
Телефону |
|
Факсы |
|
Электрондук дареги |
|
Дары каражаты жөнүндө маалымат | |
Дары каражатынын соодадагы аталышы |
|
Эл аралык патенттелбеген аталышы (бар болсо) |
|
Түрү (керектүүсүн белгилеп, толтуруу керек) | o Патенттик коргоонун таасириндеги оригиналдуу дары каражаты, патенттин колдонуу мөөнөтү 20___-жылдын "__" ___________ чейин |
o Оригиналдуу дары каражаты, патенттин колдонуу мөөнөтү аяктады | |
o Патенттик коргоонун таасириндеги оригиналдуу биологиялык дары каражаты, патенттин колдонуу мөөнөтү 20___-жылдын "___" __________ чейин | |
o Оригиналдуу биологиялык дары каражаты, патенттин колдонуу мөөнөтү аяктады | |
o Генерикалык дары каражаты | |
o Биоаналог/биосимиляр | |
Дарынын түрү |
|
Дозасы/концентрациясы (айкалышкан дары каражаттары үчүн ар бир активдүү ингредиентти көрсөтүңүз) |
|
Баштапкы (ички) таңгактагы саны |
|
Экинчи жолу (керектөөчүлүк) таңгактагы саны |
|
Жеткирүүнүн түрү (FCA, CIP ж.б.) |
|
Кыргыз Республикасында каттоо күбөлүгүнүн номери жана колдонуу мөөнөтү |
|
Арыз берүү датасына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу | 1 Америка Кошмо Штаттарынын доллары |
1 россия рубли | |
1 евро | |
1 казакстан теңгеси | |
Дары каражатынын бир таңгагы үчүн эсептелген баа: | Дары каражатына жеткирүүнүн орточо өлчөнгөн баасы: |
Дары каражатына медианалык баа (референттик өлкөлөрдө катталган баалар боюнча): | |
Сатуу баасы (ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн): | |
Дары каражатына баалар жөнүндө берилген маалымат ишенимдүү булактардан алынгандыгын жана берилген учурга карата бурмаланбагандыгын ырастайм.
Мен өз компетенциямдын чегинде дары каражатына бааны каттоо жана/же катталган бааны өзгөртүү үчүн зарыл болгон бардык материалдарды берүүгө милдеттенем.
Арызды берүү датасы: 20__-жылдын "___" ______________
______________________________________________________________________________________
(Арыз ээсинин жооптуу адамынын аты-жөнү, кызмат орду жана колу)
Мөөрдүн орду (бар болсо)
|
| Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу эрежелерине 2-тиркеме |
Дары каражатын жеткирүүнүн орточо өлчөнгөн баасын эсептөө тартиби
1. Дары каражатын жеткирүүнүн орточо өлчөнгөн баасын эсептөөдө бир каттоо күбөлүгүнүн алкагында ар бир өндүрүүчү (арыз ээси) боюнча ушул Эрежелер менен аныкталган мезгил үчүн дары каражатына карата ташып келүүнүн көлөмү жөнүндө маалыматтар эске алынат.
2. Дары каражатын (соода аталышы, дозасы, дарынын түрү боюнча) Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүнүн орточо өлчөнгөн баасы төмөнкүдөй формула менен аныкталат:
мында:
1 таңгактын баасы (сом менен) - товарды, дары каражатынын бир экинчи жолу (керектөөчүлүк) таңгагын ташууга жана камсыздандырууга арыз ээсинин чыгымдарын камтыган жеткирүүнүн иш жүзүндөгү баасы;
таңгактардын саны (даанасы) - бир жеткирүү үчүн дары каражатынын таңгактарынын саны;
Σ1 - акыркы 12 айдагы таңгактардын жалпы саны.
Өз алдынча алып келүү шартында ташып келинген дары каражаттарына бааларды каттоодо арыз ээлери чыгымдардын орточо маанисин эсептөө жана бааларды белгилөөдө эсепке алуу үчүн Кыргыз Республикасына ташуу жана товарды камсыздандыруу чыгымдары боюнча документтердин жеткирүүчүнүн колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн (товар коштоочу документтер, эсеп-фактуралар ж.б.) берүүгө милдеттүү.
3. Бааны каттоо максатында чет өлкөлүк валютаны Кыргыз Республикасынын валютасына кайра эсептөө арыз ээлери тарабынан арыз берилген күнгө карата колдонулган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча жүргүзүлөт.
|
| Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу эрежелерине 3-тиркеме |
Форма
Дары каражаттарын 12 айдагы жеткирүү баалары жөнүндө маалыматтар (товар коштоочу документтерге ылайык)
Дары каражатынын соода аталышы | ТЭИ ТН | Жеткирүү датасы | Жеткирүүдөгү таңгактардын саны | 1 таңгактын баасы | Арыз берүү күнүнө карата чет өлкөлүк валютанын курсу | 1 таңгактын баасы (сом менен) | Жалпы сумма (сом менен) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
ЖЫЙЫНТЫГЫ |
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||
Датасы: 20___-жылдын "___" ____________
_______________________________________________________________ (Арыз ээсинин жооптуу адамынын аты-жөнү, кызмат орду жана колу) | Мөөрдүн орду |
|
| Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу эрежелерине 4-тиркеме |
Форма
Референттик өлкөлөрдө дары каражатына катталган баалар жөнүндө маалымат
Каттоо күбөлүгүнө ылайык дары каражатынын аталышы
_________________________________________________________________________
№ | Өлкөнүн аталышы | Дары каражатына катталган баа | ||||
Дары каражатынын соода аталышы(*) | Референттик өлкөдө керектөө таңгагынын саны | Керектөө таңгагына катталган баа (валютада жана сом менен) | Валюта | Референттик өлкөлөрдүн дары каражатына катталган баалардын расмий сайттарына шилтеме | ||
1 | Россия Федерациясы |
|
|
|
|
|
2 | Казакстан Республикасы |
|
|
|
|
|
3 | Беларусь Республикасы |
|
|
|
|
|
4 | Украина |
|
|
|
|
|
5 | Молдова Республикасы |
|
|
|
|
|
6 | Түркия Республикасы |
|
|
|
|
|
7 | Өзбекстан Республикасы |
|
|
|
|
|
8 | Өндүрүүчү өлкө(**) |
|
|
|
|
|
(*) Эгерде референттик өлкөдө дары каражаты башка аталыш менен катталган болсо, бул өлкөдө катталган дары каражатынын аталышы көрсөтүлөт | ||||||
(**) Референттик өлкөлөрдө каттоосу болбогон учурда | ||||||
Эсептелген медианалык баа: | ||||||
Референттик өлкөлөрдө катталган баалар жөнүндө берилген маалыматтардын аныктыгына кепилдик берем.
(Аты-жөнү) | (Кызмат орду) | (Колу) |
|
|
|
Датасы: 20__-жылдын "___" __________ |
| Мөөрдүн орду (бар болсо) |
|
| Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу эрежелерине 5-тиркеме |
Чектелген дүң жана чекене үстөк баалардын регрессивдүү шкаласы
1. Чектелген дүң үстөк баалар
№ | Бирдик үчүн катталган баанын өлчөмү | Үстөк баанын регрессивдүү шкаласы, % менен |
1 | 100 (жүз) сомго чейин ММК КП жана МКПга киргизилген 100 (жүз) сомго чейин жеткирүү баасы менен дары каражаттары үчүн | 30 |
2 | 101 (бир жүз бир) сомдон 150 (бир жүз элүү) сомго чейин | 19 |
3 | 151 (бир жүз элүү бир) сомдон 250 (эки жүз элүү) сомго чейин | 17 |
4 | 251 (эки жүз элүү бир) сомдон 350 (үч жүз элүү) сомго чейин | 15 |
5 | 351 (үч жүз элүү бир) сомдон 500 (беш жүз) сомго чейин | 13 |
6 | 501 (беш жүз бир) сомдон 800 (сегиз жүз) сомго чейин | 12 |
7 | 801 (сегиз жүз бир) сомдон 1000 (бир миң) сомго чейин | 11 |
8 | 1001 (бир миң бир) сомдон 1500 (бир миң беш жүз) сомго чейин | 10 |
9 | 1501 (бир миң беш жүз бир) сомдон жогору | 9 |
2. Чектелген чекене үстөк баалар
№ | Бирдик үчүн чектелген дүң баанын өлчөмү | Үстөк баанын регрессивдүү шкаласы, % менен |
1 | 100 (жүз) сомго чейин ММК КП жана МКПга киргизилген 100 (жүз) сомго чейин жеткирүү баасы менен дары каражаттары үчүн жана чектелген чекене баасын эсептөө ушул Эрежелердин 26-пунктуна ылайык жүргүзүлүүчү дары каражаттары үчүн | 40 |
2 | 101 (бир жүз бир) сомдон 150 (бир жүз элүү) сомго чейин | 27 |
3 | 151 (бир жүз элүү бир) сомдон 250 (эки жүз элүү) сомго чейин | 25 |
4 | 251 (эки жүз элүү бир) сомдон 350 (үч жүз элүү) сомго чейин | 23 |
5 | 351 (үч жүз элүү бир) сомдон 500 (беш жүз) сомго чейин | 21 |
6 | 501 (беш жүз бир) сомдон 800 (сегиз жүз) сомго чейин | 20 |
7 | 801 (сегиз жүз бир) сомдон 1000 (бир миң) сомго чейин | 19 |
8 | 1001 (бир миң бир) сомдон 1500 (бир миң беш жүз) сомго чейин | 18 |
9 | 1501 (бир миң беш жүз бир) сомдон жогору | 17 |
".