ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIV сессиясынын
2024-жылдын 27-августу №1
“Жалал-Абад шаарындагы участкалык шайлоо комиссиялардын резервдерине талапкерлердин курамын макулдашуу жөнүндө”
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республликасынын шайлоо жана референду өткөрүү боюнча Жалал-Абад шаарынын аймактык шайлоо комиссиясынын 12.07.2024-жылдагы №10/8-сандуу катынын негизинде, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIV cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасындагы шайлоолорду өткөрүү үчүн Жалал-Абад шаарындагы участкалык комиссиялардын резервине талапкерлердин курамы №1-тиркемеге ылайык макулдашып, Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына бекитүү үчүн жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом менен макулдашылган тизмени шаардык кеӊештин регламентинде көрсөтүлгөн мөөнөттө Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына жеткирүү жагы шаардык кеӊештин аппаратына милдеттендирилсин.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А.Дуйшеев |