Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 165-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 18-октябры № 656-т
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын өздүк курамын формалык кийим менен өз убагында камсыз кылуу, ата мекендик товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-мартындагы № 112-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген товарлардын чыккан жери жөнүндө сертификаты бар өнөр жай товарларынын тизмесинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 270-1 - 270-6-пункттар менен толукталсын:
"
270-1 | Күнүмдүк формалык фуражка | 14.12.1 | 6505 |
270-2 | Параддык кур (бел) | 14.12.1 | 6217 |
270-3 | Кебез ак кол кап | 14.12.1 | 6216 |
270-4 | Погондор ассортименти | 14.12.1 | 6217 |
270-5 | Аксельбант | 14.12.1 | 6217 |
270-6 | Күнүмдүк жагоо | 14.12.1 | 6215 |
".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |