Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIV сессиясынын
2024-жылдын 27-августу №2
“Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин токтомдору жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пуктунун 11-пунктчасына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 10.05.2024-жылдагы чыг.№01.19/2391-сандуу каты шаардык кеӊештин 08.08.2024-жылдагы кеӊейтилген жыйынында каралып, комиссиянын чечиминин негизинде, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кезектеги XLIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин IX чакырылышынын 29.09.2022-жылдагы кезектеги XXIII сессиясынын №4 токтому жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин IX чакырылышынын 31.05.2021-жылдагы кезектеги II сессиясынын №7 токтому жокко чыгарылсын.
3. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин IX чакырылышынын 06.03.2023-жылдагы кезектеги XXVI сессиясынын №8 токтому жокко чыгарылсын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А.Дуйшеев |