Редакцияот 16.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2024-жылдын 16-октябры № 2441-VII

“2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы демилгелеген (2024-жылдын 9-сентябрындагы чыг. № 18-7767) “2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздѳрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемелери менен 5 жумуш күндүн ичинде жиберсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрага

Н.Т. Шакиев