Загрузка документа…
БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 25-февралы № 70
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы №262 буйругу менен бекитилген “Көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелерди” бекитүү жөнүндөгү буйрукту жетекчиликке алып, Бердике баатыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бердике баатыр айыл аймагында “Көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелери” №1 тиркемеге ылайык бекитилсин; (тиркеме тиркелет)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Э.Т.Тажыкановко жүктөлсүн.
Төрага | Азизбек уулу Улукмырза |
|
| Бердике баатыр айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 25 Февралындагы №70 Токтому №1 тиркеме |
Бердике баатыр айыл аймагында көрктөндүрүү,жашылдандыруу,тазалыкты сактоо
боюнча эрежелер
1. Тартипти, тазалыкты жана көрктөндүрүүнү камсыз кылуу
2. Бердике баатыр айыл аймагынын айыл өкмөтунун бүткүл аймагында, анын ичинде коомдук жайларда тазалыкты жана тартипти сактоого, көрктөндүрүрүү элементтеринин (жолдор, тротуарлар, газондор, кичи архитектуралык формалар, сырткы жарыктандыруу, ирригациялык ж.б.) бузулушуна жана зыян тартышына жол бербөөгө, ар кандай мүлк объектилерине кам көрүүгө милдеттүү.
3. Бердике баатыр айыл аймагында тиричилик жана курулуш таштандыларын, өндүрүш калдыктарын, контейнерлерди, кыйылган бак-дарактарды, жалбырактарды, карды жалпы пайдаланып жаткан жерге чыгарууга жол бербейт.
4. Таштанды челектерин кече чырактарын, эстеликтерди, отургучтарды жана башка чакан архитектуралык формаларды бузууга жана зыян келтирууге тыюу салынат.
5. Ишканалардын жана жеке чарбалардын ички аймактарында, жер тилкелеринде таштандыларды, жалбырактарды, контейнерлерди, автоунаалардын дөнгөлөктөрүн, өндүрүш калдыктарын өрттөгөө, от жагууга, таштандыларды көмүгө тыюу салынат.
6. Газондорго, гулзарларга, клумбарларга, балдар аянтчаларына, ирригациялык жана коллектордук-дренаждык тармактарга ар кандай багыттагы объектгерди жайгаштырууга, ошондой эле ирригациялык тармактардын жумушчу бөлүгүн тартуучу тутуктөрду төшөөгө тыюу салынат.
7. Жашылдандыруу
8. Объектилерди жашылдандырууга төмөнкү иштер кирет:
– бак-дарактарды отургузуу,
– бак-дарактарды жана бадалдарды, гулзарларды багуу боюнча иштер - жер кыртышын азыктандыруу, сугаруу, жумшартуу, отоо чеитерду тазалоо, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо, жылуулукту суйуучу өсүмдүктөрдү коргоо (бардык тиешелуу жумуштарды аткаруу менен), жер семирткичтерди, таштандыларды жүктөө жана түшүрүү, куурап калган жана кулай турган дарактарды кыюу жана башкалар;
9. Жашыл аймактарды талаптагыдай кутуу жана сактоо учун жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
– Жалпы пайдалануудагы аймактарды - сейил бактарда, кечелерде - айыл өкмөтү аныктаган тиешелуу кызматтарды/иштерди аткарууга;
– Турак жайлар жайгашкан квартал ичиндеги участоктордо - уй жана кварталдык комитеттерге, турак жай ээлеринин бирикмелерине, имараттарды ижарага алуучуларга жана жер участокторунун ээлерине;
– Уюмдардын, ишканалардын жана башка юридикалык жактардын аймактарында ошол жердеги уюмдардын жетекчилерине;
10. Жашыл аянттардын бардык турлеру учун сугаруунун жыштыгы май айынан август айын кошо алганда 7-10 кундо бир жолудан кем эмес болушу керек.
11. Жашылдандыруу обьектилериндегн жашыл аянттарды сугаруу эртен менен саат 8.00-9.00ден кечиктирбестен же кечинде саат 18.00-19.00ден кийин жүргүзүзүлөт.
12. Кызматтарды/иштерди сунуштоочу жашыл аянтчалардын таажысын өз убагында кыркууну камсыз кылат.
13. таажыны санитардык кыркуу иштерине - эскирген, илдетке чалдыккан, куурап калган жана бузулган бутактарды, ошондой эле таажысы ичине карай өскөн же бири-бирине жакын жайгашкан бутактарды алып салуу сыяктуу иштерди аткаруу камтылат. Санитардык кыркуу жыл сайын буткул вегетация мезгилинде жургузулөт.
14. Тузулушун келтируу учун кыркуу - таажыга ылайыктуу тузулушту камсыздоо, өсүмдүктөрдүн бийиктигин тегиздөө, жол белгилеринин, светафордун ж.б. көрүнүсүн камсыз кылуу максатында жургузулөт. Бак-дарактарды. жана бадалдарды калыптандыруу иштери бак-дарактар чандашып (ширелерин бөлүп чыгаруу) жаткан мезгилде (апрель-май) жургузулбейт.
15. Бердике баатыр айьш аймагын жашылдандыруу аларды курулуш материалдарынын калдыктарынан. таштандылардан тазалоодон, жер астындагы коммуникацияларды жана курулмаларды төшөөдөн, жолдорду, өтмөлөрдү. тротуарларды төшөөдөн, аянтчаларды жана тосмолорду ирээтке келтиргенден кийин жүргүзүлүлөт.
16. Өсүшү начар бак-дарактарды жана бадалдарды, таажысы бузулган (бир жактуу, жалпак ж.б.) жаракалары бар, ошондой эле зыянкечтерден жана илдеттерден жабыркаган бак-дарактарды отургузууга тыюу салынат. "
17. Бердике баатыр айыл аймагынын чегинде жайгашкан бардык жашыл зоналар менчигинин түрүнө карабастан бирдиктуу жашыл фондду түзөт жана коргоого алынат.
18. Менчигинин түрүнө карабастан, аймагында жашыл аянтчалары бар юридикалык жана жеке жактарга, ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилет жана ошондой эле жашыл аянтчаларды талаптагыдай кутуу жана сактоо жоопкерчилигин алгандар төмөнкүлөрдү камсыздашат:
– иштеп жаткан жашыл аянттардын бузулбай жана жок кылынбай толук сакталышына, ошондой эле өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоону камсыз кылууга;
– жашыл зоналарды өзубагында квалификациялуу кутууну жана реконструкциялоону (капиталдык ондоону), анын ичинде бул иштерди аткарууга жашылдандыруу боюнча адистештирилген ишканаларды тартуу жолу менен камсыз кылуу;
– жашыл зоналар өскөн аймактардын тиричилик жана өндуруш калдыктары, курулуш калдыктары, канализация сыяктуу өсүмдүктөргө зыяндуу башка заттар менен булганышына жол бербөө;
– жайында кургакчылыкта газондорду, гулзарларды, бак-дарактарды жана бадалдарды сугаруу;
– газондорду тебелеп кетуугө жана аларга курулуш материалдарын, кумдарды, калдыктарды, кар, муз сыныктарын жана башкаларды сактоого жол бербөөгө;
– жаңы бак-дарактарды жана бадалдарды отургузуу, жолдордун тармагын өзгөртүү менен кайра куруу жана техниканы жайгаштыруу иштери агротехникалык шарттарды так сактоо менен белгиленген тартипте макулдашылган долбоорлор боюнча гана жургузулуугө тийиш;
– багуу процессинде жургузулген бак дарактарды жана бадалдарды кыюу жана кайра отургузуу иштери бардык учурларда ушул Эрежелердин талаптарына ылайык жузөзө ашырышат.
Жашылдандырылган аймактарда төмөнкүлөр тыюу салынат:
– жашыл аянтчаларды кыюуга же жок кылууга уруксат берилген учурларын кошпогондо, жашыл аянтчаларды бузууга жана жок кылууга;
– тиешелуу кызматтардын макулдугу жок бак-дарактарды, бадалдарды ез алдынча кыюууга жана отургузууга,огороддорду жана газондорду иреетке келтирүүгө;
– калдыктарды жана башка булганган заттарды газондорго төгүгө;
– жалбырактарды күйгүзүүгө,жапырт жалбырак тушуу мезгилинде аларды арыктарга шыпырып салууга, алар менен бак-дарактарды жана бадалдарды көмүп салууга (аларды көчө бойлой жайылып кетпеши үчүн үймөктөргө
– от жагууга жана орт коопсуздугунун эрежелерин бузууга;
– бак-дарактарга мыктарды кагууга,бак-дарактарга зыян келтируучу илгичтерди, көрнөк-жарнактарды, кулактандырууларды, мамлекеттик номурларды, лампаларды электр гирляндаларын, туу гирляндаларын чаптоого, тикенек зымдарды жана башка тосмолорду тосууга;
– дарактардан шире, чайыр алуугу, кабыгын кесип, оюктарды, жазууларды жасоого жана башка механикалы зыян келтируугө;
– белгиленген эрежелер боюнча макулдашуусуз инженердик коммуникацияларды төшөө учун казуу иштерин жургузууго;
газондордо жана жашыл мейкиндиктери бар башка аянттарда транспорт каражаттарын өткөрүү жана токтотуу;
– гулдөрду узуп, дарактардын жана бадалдардьш бутактарын сындырууга;
20. Жашыл аймактарды жаныдан куруу, реконструкциялоо, калыбына келтируу боюнча бардык иштер айыл өкмөтү же айыл өкмөтү ыйгарым укук берген уюм менен белгиленген тартипте макулдашылып,' иштелип чыккан жана бекитилген долбоорлук документтерге ылайык жургузулүүгө тийиш.
21 Тышкы жарыктандыруу
22. Жарык беруучу тармактарды эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын бкметунун 2012-жылдын 22-августундагы №155 токтому менен бекитилген электр энергиясын пайдалануу эрежелери менен женге салынат.
23. Тышкы жарыктандыруу куйгузуу жана өчүрүү айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген графиктер боюнча жургузулөт.
24. Айыл өкмөтү коомдук жайларда иштебей турган көчө чырактарынын санына жол берилген ченемди белгилейт.
25. Металл мамылар жана тышкы жарыктандыруунун башка элементтери таза, дат басылбашы жана зарыл болгон учурда сырдалбашы керек, бирок уч жылда бир жолудан кем болбоого тийиш.
26. Жеке жана юридикалык жактар өздөрүнө берилген аймактарда орнотулган же сатып алынган тышкы жарыктандыруунун элементтерин жабдууга жана жакшы абалда кармап турууга милдеттуу.
27. Эрежелерди бузгандыгы учун юридикалык жактардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын жоопкерчилиги
28. Ушул Эрежелерди бузгандыгы учун Кыргыз Республикасынын колдонуудагы .
мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык тартиптик, жарандык жоопкерчилик белгиленет.
29. Бул Керктендуруу эрежелерин бузууга күнөлүү юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар женунде кодексинин 114-беренесинин 1- пунктуна ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
30. Таштандыларды белгиленбеген жерге чыгарган, ерттеген юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар женунде кодексинин 115-беренесине ылайык жоопкерчилик тартат.
31. Юридикалык жана жеке жактар кеп батирлуу турак жайлардын жалпы пайдалануучу жайларындагы санитардык жактан тейлее эрежелерин бузгандыгы учун Кыргыз Республикасынын укук бузуулар женунде кодексинин 110-беренесине ылайык жоопкерчилик тартышат.
32. Укук бузуулар жөнүндөиштерди кароого ыйгарым укуктуу айыл өкмөтүнүн комиссиялары белгиленген тартипти бузгандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар женунде кодексине жаза чараларын керет.
33. Укук бузуулар боюнча комиссиянын иши Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета тарабьшан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.