Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын IX чакырылыштын 2024-жылдын 7-сессиясынын 5-кезексиз сессиясы
2024-жылдын 23-августу №2
Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Ак-Моюн, Ак Муз, Бирлик айылдарынын айрым тургундарына “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
Ак-Моюн айылдык кеңешинин 2024-жылынын 7-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кенеши карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Ак-Моюн, Ак-Муз, Бирлик айылдарынын айрым тургундарына.Буга чейинки Ак-Моюн айыл өкмөтүнө ар кандай жооптуу (социалдык экономикалык жана айыл чарбага) ак кызматтарын өтөгөндүгүн эске алып Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуул наамы ыйгарылсын.
Төмөндөгү айыл тургундарына Ардактуу атуул наамы ыйгарылсын.
1.Бектурганов Мамбетимин
2. Аскалиев Босумбай Жумашович
3. Иса уулу Нурланбек
4.Оторбаев Айткулу Мусаевич
5. Кошалиев Бакытбек Сейтекович
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн соц.адиси Ж.Тилегеновага жана тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Алакуновго жана өзүмө калтырам.
.Төрага: | Ж. Алыбаев |