КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-октябры № 2440-VII
“2024-жылдын 26-июнунда Астана шаарында кол коюлган 2009-жылдын 9-июнундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы демилгелеген (2024-жылдын 26-сентябрындагы чыг. № 18-8534) “2024-жылдын 26-июнунда Астана шаарында кол коюлган 2009-жылдын 9-июнундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | Н.Т. Шакиев |