Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIV сессиясынын
2024-жылдын 27-августу №3
“Жалал-Абад шаарындагы жер тилкеси жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 07.06.2024-жылдагы чыг.№01-19/3129 сандуу каты жана ага тиркелген иш-кагаздары, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 08.08.2024-жылдагы кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин 19.06.2024-жылдагы IX чакырылышынын XLIII сессиясынын №11-токтому менен бекитилген “Жалал-Абад шаарындагы жер тилкеси жөнүндө” токтомго төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
2. Жалал-Абад шаарынын Д.Малашов көчөсүндөгү №51н дарегинде жайгашкан жалпы аянты 10754,0 чарчы метр жер тилкеси 19.06.2024-жылдагы XLIII сессиясынын №11-токтомунун №1 жана №2 пункттарында көрсөтүлгөн (идентификациялык коду 3-10-01-0017-2182) төмөндөгүдөй идентификациялык коду (3-10-01-0017-2181) менен өзгөрүлгөндүгү белгиленсин.
3. Мүлктөрдү муниципалдык менчикке өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына жана Муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А.Дуйшеев |