БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 14-апрели № 71
Бердике баатыр айыл өкмөтү боюнча 2022-жылдын отчетунун жыйынтыгы менен 01.01.2023-жылга карата калган 2392572сом эркин каражатын төмөнкүчө жумшоо жөнүндө
Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү № 19 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бердике баатыр айыл өкмөтү боюнча 2022-жылдын отчетунун жыйынтыгы менен 01.01.2023-жылга карата калган 2 392 572 сом эркин каражатын төмөнкүчө жумшалсын:
- Башкаруу бөлүмүнө сапар чыгымдарына Бишкек шаарына жана башка областтарга семинарларга катышуу үчүн - 30,0миң сом , ар кандай кызмат көрсөтүүгө анын ичинде,ваканттык бош орундарга конкурс жарыялоо,газетага жазылуу,жолбун иттерди атууга,сметчиктерге конкурс жарыялоо ж.б. иш чараларга -160,0 миң сом.
- Библиотека бөлүмүнө айлык акынын 6 айга жетпей калган суммасы --329,8 миң сом соц фонд төлөмүнө -56,8 миң сом.
- Маданият бөлүмүнө айлык акынын 6 айга жетпей калган суммасы --207,8 миң сом, соц фонд төлөмүнө -35,7 миң сом
- Бала бакчага тамак-ашка -739,4 миң сом, көмүр отунун алууга -259,0 миң сом
- Билим берүү тармагына көмүр отунун алууга -469,0 миң сом
- Социалдык коргоо бөлүмүнө 15-февраль авгандар күнүнө,8-март энелер, 7-апрель элдик революция, 9-май Улуу Ата Мекендик Согуштун жеңиш күнүнө иш чараларды өткөрүү үчүн - 105,0 миң сом
бардыгы 2 392,5 миң сом
2. Жогорудагы бөлүнгөн каражаттар 2022-жылдын жыйынтыгы менен калган эркин каражат 2 392,5 миң сомдун эсебинен жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Азизбек уулу Улукмырза |