КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
2023-жылдын 14-февралы № 9/1
2022-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык иш чарасынын аткарылышы жөнүндө
2022-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык иш-чарасынын жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө Кербен шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Э.Артыкбаевдин отчётуна негиз 2022-жылда социалдык-экономикалык өнүгүү иш-чараларын аткарууда бир топ иш-аракеттер жүргүзүлдү. Асфальттоо жумуштары боюнча 8849,7 миӊ сомго долбоор өтүп түрткү берүүчү гранттын эсебинен 4649,7 миӊ сом, өздүк салым үчүн жергиликтүү бюджет эсебинен 4200,0 миӊ сом акча каражатына Акдөбө айылындагы Камбаров көчөсүнө жана Күлүк-Дөбө айылындагы Күлүк-Дөбө-2 көчөсүнө асфальт төшөлдү.
Аткарылган иштерге карабастан Кербен шаарынын мэриясы бюджеттин киреше булактарын жогорулатууда ички резервдерди пайдалана алган жок. Жергиликтүү салыктарды көтөрүү боюнча иш чараларды иштеп чыккан эмес.
2022-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү иш чарасынын планын толугу менен аткара албагандыктан, жылдын аягына- 22556.1 миӊ сом калдык болуп калды.
Башкача айтканда мэр кол алдындагы адистерге талапты коё алган жок. Адистер муниципалдык кызматты аткарууга кайдыгерлик менен мамиле жасашат. Алардын жоопкерчилиги мэр тараптан суралбайт.
Шаардык кеӊештин токтомдорун аткаруу жана каттар менен иштөө маселеси начар жолго коюлган. Шаардык кеӊештин токтомдорун турмушка ашыруу боюнча иш чаралар туура, так өз учурунда жүргүзүлбөйт.
Мэрия мындан ары көптөгөн ички резервдерди пайдалануу менен социалдык экономикалык иш чараларды элибиздин бакубат жашоосуна багыттосу зарыл.
Жогорудагы маселелерди карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2022-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү иш-чарасынын аткарылышы боюнча Кербен шаарынын мэриясынын отчёту канаттандырарлык эмес,- деп эсептелсин.
2. Депутаттык суроо-талаптарды аткарууда өз милдеттерин так аткара албаган адистердин кызмат абалдарын кароо жагы Кербен шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Э.Артыкбаевге сунушталсын.
3. 2022-жылдын Кербен шаарынын социалдык-экономикалык иш- чарасын аткарууда кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрсүн жана аткарылышы боюнча 2023-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен отчёт берсин.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Мавляновго жүктөлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигиндеги кагаз түрүндөгү документтин тиркемеси)
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы |
Ж.Омуралиев |