КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
2023-жылдын 14-февралы № 9/2
2022-жылга Кербен шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык 2022-жылга Кербен шаарынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2022-жылга Кербен шаарынын бюджети аткарылышы
-Киреше бөлүгү 75013,2 миӊ сом суммасында (тиркеме № 1).
-Чыгаша бөлүгү 66673,0 миӊ сом суммасында (тиркеме № 2).
-2022-жылдын 1-январына калган бюджеттик калдык - 14215,7 миӊ сом
Резервдик фонддун чыгымы – 525,5 миӊ сом суммасында белгиленсин.
2. Атайын каражат:
-Киреше бөлүгү – 4838,4 миӊ сом суммасында (тиркеме № 4)
-Чыгаша бөлүгү – 5035,8 миӊ сом суммасында (тиркеме 5)
-2022-жылдын 1-январына калган атайын каражат эсебиндеги калдык 674,2 миӊ сом суммасында аткарылгандыгы белгиленсин.
3. 2022-жылдын бюджетин аткарууда кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрүү жагы Э.Артыкбаевке жүктөлсүн. 2023-жылдын 6 (алты) айына чейин кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча шаардык кеӊешке маалымат берилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Мавляновго жүктөлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигиндеги кагаз түрүндөгү документтин тиркемелери)
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы: |
Ж.Омуралиев |