ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIV сессиясынын
2024-жылдын 27-августу №4
“Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги муниципалдык батирди менчиктештирүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Турак-жай” Кодексинин 58-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына жана 59-беренесинин 8-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 12-беренесинин 2-пунктун негиз кылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 21.06.2024-жылдагы чыг.№01.19/3389-сандуу каты шаардык кеӊештин 08.08.2024-жылдагы кеӊейтилген жыйынында каралып, комиссиянын чечиминин негизинде, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кезектеги XLIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги Жалал-Абад шаарынын Эркин-Тоо кыска көчөсүнүн №10 корпусунун №3 дарегинде жайгашкан турак жайды Абдылдаев Эдилбек Абдылдаевичтин жеке менчигине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Жалал-Абад шаарынын мэриясына (Э.Ормоков) жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы (Ж.Борүкулов) муниципалдык үйдү мыйзам чегинде өткөрүп берүү жагы мылдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А.Дуйшеев |