Загрузка документа…
ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16- сентябры № 71/XVІ-29
Ивановка айылдык аймагынын жергиликтүү Курултайын өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чындоо максатында, КР Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” № 284 Жарлыгына жана биринчи Элдик Курултайды уюштуруу боюнча комитетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы “Биринчи Элдик Курултайга КР айыл аймактарынан жана шаарларынан делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткарылуучу аракеттердин нускамасына ылайык маселени карап жана талкуулап чыгып, Ивановка айылдык Кеӊеши
токтом кылат:
1.Ивановка айылдык аймагынын Жергиликтүү курултайы 2022-жылдын 5 ноябрына саат 10-00 гө чакырылсын.
2.Ивановка айылдык аймагынын жергиликтүү Курултайынын курамы калктын санына ылайык – 81 делегаттан турары белгиленсин.
3.Жергиликтүү жааматтар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 15-октябрдан 24-октябрга чейин графикке ылайык өткөрүлсүн (№ 1 тиркеме) жана өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнөрү эскертилсин.
4.Ивановка айылдык аймагынын жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы – 7 адамдан бекитилсин (№ 2 тиркеме).
5.Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Токтом маалыматтык стенддерде жарыяланган кийин күчүнө кирет.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
| У. С. Раимбеков |