Загрузка документа…
ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 16- сентябры № 73/XVІ-29
Садовое а., Ивановка айылдарынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 20-октябрындагы Кыргыз Республикасынын № 123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесинин 2 бөгүгүнүн 11-пунктунун негизинде, 2022-жылдын 26- августундагы Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн 28 буйругунун негизинде, "Ивановка айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты" МИнин директору Л.А. Кондаурованын маалыматын угуп.
Ивановка айылдык Кеӊеши токтом кылат:
1. "Ивановка айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты" МИнин абоненттери үчүн ичүүчү суу мене камсыздоо тарифтери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген тарифтер Садовое, Ивановка айылдарында 2023-жылдын 1 январынан тартып ишке киргизилет.
3. Бул токтом жалпыга массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ивановка айылдык кеңешинин бюджет жана экономика, муниципалдык менчик жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага У.С.Раимбеков
Ивановка айылдык кеңешинин
2022-ж.16-сентябрындагы
№ 72/XVІ-29 токтомуна
Тиркеме
"Ивановка айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты" МИнин абоненттери үчүн ичүүчү суу мене камсыздоо тарифтери
№ | Аталышы | Ичүүчү суунун тарифи (сом)/айына |
1. | Ивановка а. Садовое а. | 27 |
2. | Юридикалык уюмдар | 30 |
Ответственный секретарь | В.Ж.Жумагазиева |