Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-сентябры № 585
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
18-декабрындагы № 819 "Квалификациялык
сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана
тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү
эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 25-сентябрындагы № 240 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикти түзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 "Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринде:
- 6-пунктта "билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 12-пунктта:
үчүнчү абзацта "ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзац "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта)" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта)" деген сөздөр менен толукталсын;
- 15-пунктта:
экинчи абзацта "ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Угуу жөндөмү бузулган талапкердин каалоосу боюнча теориялык сынакты сурдокотормону колдонуу менен өткөрүүгө жол берилет.";
- 17, 27, 56, 65-пункттарда "ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Теориялык сынакты тапшыра албаган талапкер практикалык сынакка киргизилбейт. Теориялык же практикалык сынакты кайрадан тапшыруу мурдагы сынак өткөрүлгөн күндөн тартып 3 күндөн эрте эмес дайындалат. Тапшырылган сынактардын жыйынтыгы терс болгондо, квалификациялык сынактарды тапшыруу аракеттеринин саны чектелбейт.
Сынактарды өткөрүү класстарынан тышкары жерлерде теориялык сынактарды өткөрүүгө тыюу салынат.";
- 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Теориялык жана практикалык сынактардын жыйынтыктары протокол менен таризделет, ага сынак комиссиясынын сынак алууга катышкан мүчөлөрүнүн баары кол коюшу керек.
Комиссия теориялык сынакты кабыл алуу тартиби бузулгандыгын аныктаган учурда теориялык сынактын натыйжалары жокко чыгарылышы мүмкүн.";
- 29-пункттун 3-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 33-пунктта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 37-пунктта:
2-пунктчада "ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-пунктча "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта)" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта)" деген сөздөр менен толукталсын;
6-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) жалтырак эмес фото кагаздагы 3,5x4,5 см өлчөмүндөгү түстүү бир фото сүрөтүн;";
- 38-пунктта:
4-пунктча "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасынын - паспортунун (ID-карт)" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карт)" деген сөздөр менен толукталсын;
6-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) жалтырак эмес фото кагаздагы 3,5x4,5 см өлчөмүндөгү түстүү бир фото сүрөтүн;";
экинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Берилген документтердин түп нускалары мөөнөтсүз сактоо үчүн автоматташтырылган маалыматтык системага сканерленет.";
- 43-пунктта:
2-пунктчада "ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-пунктча "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта)" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020, 2023-жылдардын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту" деген сөздөр менен толукталсын;
- 48-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"48-1. Автоматташтырылган маалыматтык системада жол кыймылынын жана транспорттун коопсуздугу чөйрөсүндөгү, анын ичинде фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттар менен автоматтык режимде фиксацияланган укук бузуулар үчүн айыптар боюнча арыз ээсинин карыздары жөнүндөгү маалыматтардын болушу айдоочулук күбөлүктү берүүдөн баш тартууга негиз болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн жоготулгандардын ордуна алуу үчүн арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган жол кыймылынын жана транспорттун коопсуздугу чөйрөсүндөгү укук бузуулар үчүн болгон айыптарды төлөөгө тийиш.";
- 56-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Колдонуудагы чет өлкөлүк улуттук айдоочулук күбөлүктөр тышкы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу, же болбосо Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык макулдашуулардын алкагында транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу чет өлкөлүк жаранга айдоочулук күбөлүк берилгендигин кат жүзүндө ырастоону алгандан кийин Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштырылат.";
- 63-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"63. Транспорт каражаттарын башкаруу укугунан убактылуу ажыратуу жөнүндө токтом адамга транспорт каражаттарын башкарууга укук берген ыйгарым укуктуу орган тарабынан айдоочулук күбөлүктү алып коюу жана аны ушул укуктан ажыраткан мөөнөткө сактоо жолу менен аткарылат.
Эгерде транспорт каражаттарын башкаруу укугунан убактылуу ажыратылган айдоочу тийиштүү күбөлүктү өткөрүп берүүдөн баш тартса, ички иштер органдары тарабынан күбөлүк мажбурлоо тартибинде алып коюлат.
Автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугунан убактылуу ажыратылган адамга айдоочулук күбөлүгүн кайтарып берүү же берүү ажыратуу мөөнөтү аяктагандан кийин жана квалификациялык сынактарды тапшыргандан кийин жүргүзүлөт.";
- 64-пунктта:
үчүнчү абзацта "ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзац "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта)" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта)" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-глава менен толукталсын:
"11. Транспорт каражатын башкаруу укугун убактылуу токтотуу
71. Ыйгарым укуктуу орган, жол кыймылынын эрежелерин билүүгө квалификациялык сынактарды кайра тапшырууга жөнөтүү түрүндөгү кошумча укуктук кесепеттерди аткаруу боюнча чара көрүү үчүн материалдар келип түшкөндө, мыйзамдарда белгиленген тартипте жол кыймылынын эрежелерин билүү боюнча квалификациялык сынактарды кайра тапшырууну уюштурууга жана кабыл алууга милдеттүү.
72. Ыйгарым укуктуу орган тийиштүү жолдомону алгандан кийин үч ай өткөндө, укук бузууну жасаган адам квалификациялык сынакты кайрадан тапшырууга келбей калган учурда транспорт каражатын башкаруу укугун убактылуу токтотуу жөнүндө маалыматтарды автоматташтырылган маалыматтык системага киргизет.
73. Укук бузуучу ыйгарым укуктуу органга түздөн-түз кайрылганда, ушул Эрежелердин 71-пунктунда каралган тартипте квалификациялык сынактарды кайрадан тапшырууга каттоо жүргүзүлөт.
74. Теориялык сынакты ийгиликтүү тапшырганда, укук бузууну жасаган айдоочу, укук бузуу акыркы жолу жасалган транспорт каражатынын ошол эле категориясы боюнча практикалык сынакты тапшырууга катталууга укуктуу.
75. Укук бузууну жасаган адамдар тарабынан квалификациялык сынактарды кайрадан тапшыруу ушул Эрежелерде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
76. Транспорт каражаттарын башкаруу укугун убактылуу токтотуу квалификациялык сынактарды кайрадан тапшыруу ийгиликтүү өткөндө гана жокко чыгарылат.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелеринде:
- 10-пунктта:
1-пунктчада "ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2-пунктча "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта)" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын жаранынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта)" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-пункт менен толукталсын:
"15-1. Автоматташтырылган маалыматтык системада жол кыймылынын жана транспорттун коопсуздугу чөйрөсүндөгү, анын ичинде фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттар менен автоматтык режимде фиксацияланган укук бузуулар үчүн айыптар боюнча арыз ээсинин карыздары жөнүндөгү маалыматтардын болушу тракторист-машинисттин күбөлүгүн берүүдөн баш тартууга негиз болуп саналат.
Тракторист-машинисттин күбөлүгүн жоготулгандардын ордуна алуу үчүн арыз ээси Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган жол кыймылынын жана транспорттун коопсуздугу чөйрөсүндөгү укук бузуулар үчүн болгон айыптарды төлөөгө тийиш.";
- 21, 39, 40-пункттарда "ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |