Загрузка документа…
ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 10- октябры № 78/XVІ-29
Станция Ивановкадан социалдык шаарчаны куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө
Ысык - Ата райондук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан № 116220919OIJJ01833 "Ивановка а/а, 80000, 0м2 (8,0 га) аянттагы социалдык шаарчаны долбоорлоо жана куруу үчүн жер участогун түзүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө" ст.Ивановка,Проектируемая көч., н/ж дареги боюнча иштелип чыккан жер участогунун планынын негизинде, КР Жер кодексинин «мамлекеттик жана жалпы мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер участогун акысыз берүү жөнүндө» 32-беренесин 1,2-пунктусунун негизинде,
Ивановка айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Проектируемая н/ж дерегиндеги аянты 80000,0 м2 (8,0 га) болгон жер участогун социалдык шаарчасын куруу үчүн Ивановка айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага У.С.Раимбеков