Загрузка документа…
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 14-октябрындагы № 11/4
Мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 404-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүнүн, 37-беренесинин 3-бөлүгүнүн жоболоруна ылайык, жана ошондой эле 2022-жылдын 18-январындагы «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» № 4 Мыйзамынын 2-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде, Красновосточный айылдык Кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ кылат:
1. Красновосточный айыл аймагына 2023-жылдын 1-январынан тартып салыктын төмөнкү түрлөрүнө мүлк салыгы киргизилсин:
- айыл чарба жерлерине салык;
- турак жайга, жайга жана курулушка салык;
- турак эмес имаратка, жайга жана курулмага салык;
- айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык;
- транспорт каражаттарына салык;
- калктуу конуштардын жерлерине салык.
2. Красновосточный айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу (М.А.Токчулуков) бул токтомду айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красновосточный айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Т.Кадыралиевага жүктөлсүн.
Жөнөтүлсүн: иш кагаздар тиркемесине, Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына
Төрага |
| Абдусаматов У.К. |