Загрузка документа…
ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 10- октябры № 79/XVІ-29
Ивановка айыл аймагынын айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына белгиленген тартипте мөөнөтсүз пайдаланууга берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акысынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө
"Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөн, асыл тукум чарбаларына жана айыл чарба кооперативдерине берүү тартибин бекитүү жөнүндө", Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 329-ни буйругунун негизинде, Ивановка айылдык кеңеши
токтом кылат:
1.Тартиптин 1 бөлүмүнүн 9-пунктун жетекчиликке алып, Айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгиленген тартипте мөөнөтсүз пайдаланууга берилген 1,0 га жер үчүн 12000 (он эки миң) сом суммасындагы ижара акысынын өлчөмүн белгилесин. Ошондой эле кайрак жерлеринин ижара акысынын өлчөмү 2226 (эки миң эки жүз жыйырма алты) сом суммасында белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн".
Председатель У.С.Раимбеков