Загрузка документа…
ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 09- декабры № 96/XVІ-29
«Торговый дом БК» ЖЧКсынын курулуш кумун
иштетүү үчүн жер участогун ижарага берүү жөнүндө
2022-жылдын 29-ноябрындагы «Торговый дом БК » ЖЧКсынын директору Жанакеев Т.Т. атынан келген катын жана 2022-жылдын 8-декабрындагы жер, айыл чарба жана экология боюнча жер комиссиясынын отурумунун № 19 протоколун карап чыгып, КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 810 токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участокторун берүү тартиби жөнүндө " жобосуна, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25 беренесинин 1 пунктуна жана 28 беренесине, Кыргыз Республикасынын "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык, КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан 2017-жылынын 8-августундагы № 5540- ТЕ жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиясын жана 2017-жылдын 8-августундагы № 5540- ТЕ лицензиясына № 1 Лицензиялык макулдашуусун эске алуу менен, Ивановка айылдык Кеӊеши
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан колдонуу мөөнөтү 2028-жылдын 8 августуна чейин 2017-жылынын 8-августунда берилген № 5540- лицензиясы менен бекитилген координаттарына ылайык, курулуш кумун жүргүзүү үчүн жалпы аянты 2,6 га болгон Ивановка айыл аймагындагы жер участогун убактылуу пайдаланууга берилсин.
2. 1,0 га ижара акысын жылына 60000 сом өлчөмүндө төлөнсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ысык-Ата филиалынан каттоо жүргүзүлсүн..
4. « Торговый дом БК » ЖЧКсынын атынан директору Жанакеев Т.Т. Ивановка айыл өкмөтү менен жер участогуна ижара келишимин түзүүгө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
Ивановка аыйлдык У.С.Раимбеков