ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIV сессиясынын
2024-жылдын 27-августу №6
“Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин 15.10.2014-жылдагы XVIII сессиясынын №8-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Укуктук-ченемдик актылар жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесине жана Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялык, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин 15.10.2014-жылдагы VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын №8 токтому менен бекитилген “Жалал-Абад шаарынын Ардактуу Атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” Жобосуна төмөндөгүдөй өзгөрүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
· Жобонун II бөлүмүнүн 9-пунктуна “7 ден көп эмес жаранга” деген сөз 12 ден көп эмес жаранга анын ичинен 30% айымдарга берүү деп өзгөртүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык депутаттар кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялык, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А.Дуйшеев |