БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 18-майы № 78
Жайыт маселелери жөнүндө
Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз № 20 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бердике бааатыр айыл аймагына караштуу жайыт жерлерди мурдатан пайдаланып келе жаткан бир конушка бирден жана кененирээк жайытка экиден чабандарды отургузуу жагы жайыт комитетине милдеттендирилсин.
2. Сыртан мал алып келинбесин, эгер сырттан мал алынса бодо малга 1000 (Миң) сомдон, кой башына 100 (Жүз) сомдон жайыт акысы төлөнсүн.
3. Жайыт акысы айыл тургундарынын бодо малына 100 (Жүз) сом, кой башына 20 (жыйырма) сомдон белгиленсин.
4. Жакынкы жайытты пайдалангандар бодо малга 50 (Элүү) сом, кой башына 10 (Он) сомдон белгиленсин
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитети С.Исаевге жүктөлсүн.
Төрага | Азизбек уулу Улукмырза |