Редакцияот 14.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы

2023-жылдын 14-февралы № 9/4

2023-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык иш чаралары жөнүндө

    Кербен шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу (Э.Артыкбаевдин) 2023-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү иш чараларынын түзүлүшү жөнүндө билдирүүсүн угуп, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамынын 34-беренесине негиз, маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеӊешинин VIII-чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. 2023-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча иш чарасы бекитилсин (тиркелет).

2.  Кербен шаарынын мэриясына тапшырылсын:

-        Кербен шаарынын социалдык-экономикалык иш чараларын түзүп, каражат бөлүүдө айылдар арасында теӊдештик принцибин сактоо;

-        “Кербен –сууканал” муниципалдык ишканасына колдоо көрсөтүү максатында субсидиянын көлөмүн аныктоо;

-        Мэриянын алдында коомчулуктун, депутаттарды жана күч органдарын, раймамадминистрациянын өкүлдөрүн катыштыруу менен мыйзамсыз берилген жерлер, Кашка-Суу айылында магистралдык суу түтүгүнө мыйзамсыз улангандарды иликтөө боюнча комиссия түзүп иш алып баруу;

-        Эл арасында таза суу пайдалангандыгы жана ЖКХ кызматы үчүн тарифтердин өзгөрүүсүнө байланыштуу түшүндүрүү иштерин үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин аяктоо;

-        Күлүк-Дөбө айылынын элинин таза сууга болгон муктаждыгын иликтеп, тактап чечүү.

3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Мавляновго жүктөлсүн.

(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигиндеги кагаз түрүндөгү документтин тиркемеси)

 

Кербен шаардык

кеӊешинин төрагасы

 

Ж.Омуралиев