Загрузка документа…
ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 29- декабры № 103/XXII -29
Ивановка айылдык аймагы боюнча мүлккө салык киргизүү жөнүндө
Ивановка айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Б. Т. Арзыгуловдун 2022-жылдын 18- январындагы "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык мүлккө салык киргизүү тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап
Ивановка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2023-жылдын 1-январынан тартып Ивановка айыл аймагында мүлк салыгы бекитилсин жана киргизилсин:
- Кыймылсыз мүлк салыгы;
- Транспорт салыгы;
- Жер салыгы;
- Таштанды чыгаруу үчүн жыйым;.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы К.С.Курманалиевге жүктөлсүн.
Төрага У.С.Раимбеков