Загрузка документа…
ИВАНОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 29- декабря № 104/XXII -29
Ивановка айыл өкмөтүнүн резервдик фондун бекитүү жөнүндө
Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы К. С. Курманалиевдин учурдагы бюджеттик жылда кечиктирилгис каржылоону талап кылган күтүлбөгөн чыгымдарды каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин резервдик фондун көбөйтүү зарылдыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, 2016-жылдын 16-майындагы Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесинин негизинде,
Ивановка айылдык кеңеши,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ивановка айыл өкмөтүнүн резервдик фондунун өлчөмү жергиликтүү бюджеттин чыгымдарынын көлөмүнөн 2% ашык эмес бекитилсин.
2. Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы резервдик фонддун каражаттарын чыгымдоодо ушул Жобону бекем жетекчиликке алсын.
3. Жергиликтүү бюджеттин резервдик фондун пайдалануу жөнүндө маалымат алардын аткарылышы жөнүндө отчетко тиркелет жана милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Ивановка айылдык кеңешинин төрагасы У. С. Раимбековго жана Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы К. С. Курманалиевге жүктөлсүн.
Төрага У.С.Раимбеков