ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIV сессиясынын
2024-жылдын 27-августу №7
“Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга долбоору жана 2026-2027- жылдарга божомолун жактыруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин” 79 жана 95-беренелерин негиз кылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 28.06.2024-жылдагы чыг.№01-19/3548-катты шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XLIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга киреше бөлүгүнүн долбоору 1066620,2 миң сом, анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер 244016,6 миң сом өлчөмүндө жана 2026-2027-жылдарга божомолу №1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
- Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга түзүлгөн чыгаша бөлүгүнүн долбоору 1 066 620,2 миң сом, анын ичинен атайын төлөмдөр 244 016,6 миң сом өлчөмүндө жана 2026-2027-жылдарга божомолу №2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
- Жалал-Абад шаарынын финансы башкармалыгынын башчысына (Н.Хайткулов) Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга долбоору жана 2026-2027-жылдарга божомолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жеткирүү жагы милдеттендирилсин.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
- Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А.Дуйшеев |