Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIV сессиясынын
2024-жылдын 27-августу №8
“Жалал-Абад шаары боюнча 2025-жылга карата республикалык бюджеттен каржылануучу (дем берүүчү) гранттар аркылуу ишке ашырылуучу долбоорлорду жактыруу жана үлүштүк каржылоосун макулдашуу жѳнүндѳ”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” токтомун негиз кылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 08.08.2024-жылдагы чыг.№01-19/4489 сандуу каты Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 08.08.2024-жылдагы кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаары боюнча 2025-жылга карата республикалык бюджеттен Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын тизмеси №1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Жалал-Абад шаары боюнча 2025-жылга карата республикалык бюджеттен каржылануучу Дем берүүчү (үлүштүк) гранттын жалпы суммасы 53 627 257 сом, анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 30% үлүшү 21 163 830 сом өлчөмүндө жактырылсын жана 2025-жылдын жергиликтүү бюджетин түзүүдө жергиликтүү бюджеттин долбооруна киргизүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына (Э.Ормоков) сунушталсын.
3. Ушул токтомдун 1-тиркемеси менен бекитилген долбоорлорду Жалал-Абад шаарынын Өнүгүү стратегиясына толуктоо катары киргизүүгө макулдук берилсин, аткаруу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына (Э.Ормоков) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А.Дуйшеев |
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин «27» август 2024-жылдагы кезектеги XLIV сессиясынын №8-токтомуна 1-тиркеме
|
Жалал-Абад шаары боюнча 2025-жылга карата республикалык бюджеттен дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен каржылануучу сунуштала турган долбоорлордун тизмеси.
№ | Мекеменин аталышы | Аткарылуучу жумуш | Болжолдуу суммасы | Өздүк салым |
1 | Р.Санатбаев атындагы №9 мектеп-гимназиясы | Мектептин жалпы чатырын алмаштыруу
| 3 993 386 сом | 1 198 016 сом |
2 | №4 мектеп- гимназиясы | Мектептин коридордон терезелерин, балдар кийим алмаштыруучу жайдын жана 101чи, 102чи кабинеттердин эшик, терезелерин пластик терезелерге алмаштыруу, тепкичтерди, жылуулук системасын капремонттоо, мектептин айланасын асфальттоо | 12 166 144 сом | 7 166 144 сом |
3 | Ж.Болотов атындагы №21 орто мектеби | Мектептин фасадын капиталдык ремонттон өткөрүү | 4 037 527 сом | 1 211 258 сом |
4 | №19 “Колоколчик” МЧББУ | Ички жылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөрүү | 2 776 751 сом | 833 026 сом |
5 | №31 “Наристе” МЧББУ | Отканнын чатыры, отказандарды алмаштыруу | 1 591 786 сом | 477 536 сом |
6 | №8 “Теремок” МЧББУ | Жылытуу системасын капиталдык ремонтоо | 1 803 726 сом | 541 118 сом |
7 | №36 “Чабалекей” МЧББУ | Откананы ремонттоо, коридорлорду жылуулоо | 1 326 682 сом | 398 005 сом |
8 | №1 Н.Крупская атындагы МЧББУ | Жылытуу системасын капиталдык ремонтоо, склад куруу | 2 268 974 сом | 680 693 сом |
9 | №10 “Барчын” МЧББУ | Эшик, терезелерин пластикке алмаштыруу | 4 650 255 сом | 1 395 077 сом |
10 | №33“Бермет” МЧББУ | МЧББУнун ички жылытуу систмасын капиталдык ремонттон өткөрүү | 7 796 746 сом | 3 898 373 сом |
11 | Ариет БЧБ | Жылытуу системасын оңдоо | 2 215 280 сом | 664 584 сом |
12 | №2 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу | №2 ҮДТ имараттын цокольный этажын капиталдык ремонттон өткөзүү, цокольный этажга жылуулук түтүк системасын орнотуу, цокольный этажга суу жана даараткана менен раковиналарды орнотуу, цокольный этажга канализация түтүкчөлөрүн орнотуу, цокольный этажга айнек эшиктерди коюу, цокольный этажга козерог орнотуп цемент менен суу кирбей турган тосмо куруу. Имараттын 1жана 2 этаждын суу түтүкчөлөрү жана канализациялык трубаларды алмаштырып керектүү канааларга раковиналарды орнотуу. Имараттын 1 жана 2 этаждын канааларына кафель коюу. Имараттын 1 жана 2 этаждагы канааларды жана корридорлорду САН ПИНге ылайык актоо жана сырдоо, медициналык манипуляция жасалган канааларга кафель коюу | 5,0 млн сом | 1,5 млн сом |
13 | №5 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу | №5 ҮДТ имараттын капиталдык ремонттон өткөрүү (электр энергиясынын кабельдерин алмаштыруу-монтаж), имараттын канааларына суу түтүкчөлөрүн жана раковиналарды орнотуу, унитазды алмаштыруу, подьездерге пандустарды орнотуу, 3-подьездин тепкичинин үстүн жабу. | 4,0 млн сом | 1 200 000 сом |
Жалпы | 53 627 257 сом | 21 163 830 сом | ||
Башкы адис | Ж.Каратаева |