Редакцияот 26.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2023-жылдын 26-июлу № 85

 

Бердике баатыр айыл өкмөтү боюнча 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетке келип түшүүчү 1110300 сом максаттуу трансфертти пайдалануу жөнүндө

 

Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү № 23 сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бердике баатыр айыл өкмөтү боюнча 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетке келип түшүүчү 1110300 сом максаттуу трансферти төмөнкүчө жумшалсын:

Башкаруу бөлүмүнө сапар чыгымдарына Бишкек шаарына жана башка областтарга семинарларга катышуу үчүн - 30,0 миң сом ,интернет байланышына -40,0 миң сом,күйүүчү май- 60,0 миң сом, ар кандай кызмат көрсөтүүгө анын ичинде,газетага жазылуу, өздүк салымга, сметчиктерге конкурс жарыялоо ж.б. иш чараларга -750,3 миң сом, чарбалык,канцелярдык 50,0 миң сом жана майда ремонт иштерине 100,0 миң сом = жыйынтыгы 1030,3 миң сом

- Бала бакчага майда ремонт иштерине           -50,0 миң сом

- Билим берүү тармагына окуучуларга спорттук оюндарга жана башка иш чараларга катышуу үчүн -30,0 миң сом

2. Жогорудагы бөлүнгөн каражаттар 2023-жылда түшө турган максаттуу трансферттик каражат 1110,3 миң сомдун эсебинен жумшалсын.

3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Азизбек уулу Улукмырза