Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-октябры № 633
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ жогорку окуу жайларынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 "Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада:
- ""улуттук"" деген сөздөн кийин "жана "өзгөчө"" деген сөздөр менен толукталсын;
- "38-беренесине" деген сөздөр "22-беренесине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пунктта "38-беренесине" деген сөздөр "22-беренесине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Мамлекеттик жогорку окуу жайынын, анын ичинде өзгөчө статуска ээ окуу жайынын жетекчисинин бош кызмат орду пайда болгон учурда билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адам ресурстарын башкаруу боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси үч жумуш күндүн ичинде билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине бул тууралуу жазуу жүзүндө кабарлайт.";
- 5-главанын аталышы, 36-пунктунун биринчи абзацы ""улуттук"" деген сөздөн кийин "жана "өзгөчө"" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-глава менен толукталсын:
"7-глава. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу тартиби
50. Билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына өзгөчө статуска ээ, же ал биринчи жолу ыйгарылган учурда, дайындоо жана бошотуу себептерин көрсөтүү менен мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисин кызмат ордуна дайындоо (кайра дайындоо) же кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизет.
51. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордуна сунушталып жаткан талапкерди дайындоо же кайра дайындоо жөнүндө сунушка ушул Жобонун 3-пунктунда каралган документтер жана жакынкы 5 жылга ЖОЖду өнүктүрүүнүн перспективдүү планы тиркелет.
52. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисин кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунушка аттестациялык комиссиянын протоколу же кызмат ордунан бошотуунун мыйзамдуу жана жүйөлүү негизи тиркелет.
53. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.".
3. Бул токтом расмий жарыялаган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |