Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-октябры № 633
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ жогорку окуу жайларынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө жободо:
- 1.9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1.9. Жожго түздөн-түз анын жетекчиси (ректор, президент, начальник, директор) башчылык кылат.
Мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат (кайра дайындалат) жана кызмат ордунан бошотулат.
"Улуттук" деген статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Кыргыз Республикасынын ички иштер, тышкы иштер, коргоо, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайы карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоодо билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугун алуу зарыл.
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистештирилген жогорку окуу жайынын жетекчисин кызмат ордуна дайындоо билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуусуз жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери кызмат ордуна беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Бир эле адам мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордун бир эле мамлекеттик жогорку окуу жайында он жылдан ашык ээлей албайт.
Мамлекеттик жогорку окуу жайынын, анын ичинде "улуттук" деген статуска ээ жогорку окуу жайынын жетекчиси кызмат ордунан бошотулган учурда билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган анын милдеттерин аткарууну ошол мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин орун басарларынын бирине үч айдан ашпаган мөөнөткө убактылуу жүктөйт.
Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жождорду кошпогондо, мамлекеттик жождордун окуу иштери боюнча проректорлору жождордун жетекчилеринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жождун окуу иштери боюнча проректору жождун жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Мамлекеттик жождордун окуу иштери боюнча проректорлорун кошпогондо, проректорлор жождордун жетекчилери тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Мамлекеттик жождордун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жождун окумуштуулук даражасы, тийиштүү профили жана квалификациясы бар адистеринин ичинен контракттык-конкурстук негизде жождун уставында белгиленген тартипте дайындалат.
Мамлекеттик жождун жетекчиси Кыргыз Республикасынын окуу, илимий, финансылык-чарбалык иштер жана кадрлар менен иштөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузгандыгы белгиленген тартипте аныкталган учурда мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн.
Мамлекеттик жождун жетекчиси эгерде жож аккредитациядан өтпөсө же анын статусу төмөндөсө да кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулат. Мамлекеттик жождун жетекчиси мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда иштин тиешелүү участогу үчүн түздөн-түз жооп берген орун басарлары да кызмат орундарынан бошотулат.
Мамлекеттик эмес жожду түздөн-түз жетекчи (ректор, президент, начальник, директор) башкарат, ал окумуштуулук даражасы, тийиштүү профили жана квалификациясы бар адистердин ичинен уюштуруучулар тарабынан дайындалат. Мамлекеттик эмес жождун жетекчисин дайындоо жана чакыртып алуу жол-жобосу, ошондой эле ыйгарым укуктары уюштуруучулар тарабынан "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат жана жождун уставында белгиленет.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 "Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада:
- ""улуттук"" деген сөздөн кийин "жана "өзгөчө"" деген сөздөр менен толукталсын;
- "38-беренесине" деген сөздөр "22-беренесине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пунктта "38-беренесине" деген сөздөр "22-беренесине" деген сөздөргө алмаштырылсын.
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Мамлекеттик жогорку окуу жайынын, анын ичинде өзгөчө статуска ээ окуу жайынын жетекчисинин бош кызмат орду пайда болгон учурда билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адам ресурстарын башкаруу боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси үч жумуш күндүн ичинде билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине бул тууралуу жазуу жүзүндө кабарлайт.";
- 5-главанын аталышы, 36-пунктунун биринчи абзацы ""улуттук"" деген сөздөн кийин "жана "өзгөчө"" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-глава менен толукталсын:
"7-глава. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу тартиби
50. Билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына өзгөчө статуска ээ, же ал биринчи жолу ыйгарылган учурда, дайындоо жана бошотуу себептерин көрсөтүү менен мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисин кызмат ордуна дайындоо (кайра дайындоо) же кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуш киргизет.
51. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисинин кызмат ордуна сунушталып жаткан талапкерди дайындоо же кайра дайындоо жөнүндө сунушка ушул Жобонун 3-пунктунда каралган документтер жана жакынкы 5 жылга ЖОЖду өнүктүрүүнүн перспективдүү планы тиркелет.
52. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчисин кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунушка аттестациялык комиссиянын протоколу же кызмат ордунан бошотуунун мыйзамдуу жана жүйөлүү негизи тиркелет.
53. Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.".
3. Бул токтом расмий жарыялаган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-октябры № 633
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ жогорку окуу жайларынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык күчүн жоготту)