Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МИң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү III сессиясы
2024-жылдын 8-августу №17/119
Миң-Булак айыл аймагынын Жер фондусун инвентаризация материалдарына түзөтүү (корректировка) жөнүндө
Нарын облусунун Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагы боюнча, Кыргыз Республикасынын айыл чарба Министрлигинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентризациялоо тартибин бекитүү тууралуу” №154-НИ буйругунун жана “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентризациялоо материалдарын корректировкалоо жөнүндө Көрсөтмөнүн негизинде, Миң-Булак айыл аймагынын 16.06.2023-жылдагы №62-б буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун, Жер фондусун инвентаризация материалдарына түзөтүү (корректировка) иштеринде киргизилген факт жүзүндөгү өзгөрүүлөрүн карап чыгып, жана талкуулап, Миң-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Миң-Булак айыл аймагынын Жер фондусун инвентаризация материалдарына түзөтүү (корректировка) иштеринде киргизилген факт жүзүндөгү өзгөрүүлөр кабыл алынсын. Тиркеме тиркелет (23 барак)
2. Миң-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Жер фондусун инвентаризация материалдарын Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна сунуштоо тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Кошалиевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн каттоодон өткөрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын.
Төрага |
| А. Жамангулов |