Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү III сессиясы
2024-жылдын 8-августу №17/121
Миӊ-Булак айыл аймагынын Оттук айылындагы 4-05-13-1002-0139 идентификациялык кодундагы жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө.
Миң-Булак айыл аймагынын Оттук айылынын күн батыш тарабындагы 4-05-13-1002-0139 идентификациялык кодундагы 10222,0 чарчы метр жер аянтын Мектеп куруу үчүн муниципалдык менчикке алууга Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 09.08.2024-жылдын №02,2-4/345 кайрылуусу жана Нарын райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 25.07.2024-жылдагы №327 кортундусунун негизинде жер участогун карап чыгып, жана талкуулап, Миң-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Миң-Булак айыл аймагынын Оттук айылынын күн батыш тарабындагы 4-05-13-1002-0139 идентификациялык кодундагы 10222,0 чарчы метр жер аянтына мектеп куруу үчүн муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Кошалиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн каттоодон өткөрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын.
Төрага |
| А. Жамангулов |